Бүткүл орусиялык жашоо деңгээли борборунун иликтешинче жакырчылык деңгээли ылдыйлоодо. Күнүмдүк жашоого кетчү чыгаша 2006-жылга салыштырганда 2,6 пайызга азайган. Ошол себептен Орусияда азыркы тушта 15 миллионго чукул жакырчылыктын чийининен ары калган тургундар бар.
Ал эми күнүмдүк жашоого кетчү чыгаша 2007-жылы 3713 рублейди түзгөн. Айына мындан да аз маяна тапкандар Ханты-Мансы автономдуу округунун элинин 7,9 пайызын, Ямал-Ненецтик автономдуу округунун 8,6 пайызын, Санкт-Петербургдун 10,2 пайызын түзөт экен.
Анализчилер азыр орусиялыктарды катуу беймаза салган маселе «баанын өсүшү» дешет. Мындай маалыматты Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоодон жолуктурабыз.
Белгилей кетчү жери, маскөөлүктөр акчаны күрөп таап атат деген ойду жокко чыгаруу бар. Тапканы күнүмдүк жашоого өп-чап жеткен, ошондон улам жакырчылыктын чийининен сыртта калган маскөөлүктөр 13,2 пайыз келет экен. Би-би-си жарыялаган макалада, «АКШда иштеген кишилердин маянасы орто эсептен алганда айына 3 миң долларды түзөт» экен.
Карапайым эл тарткан оорчулукту саясий төбөлдөр шайлоолор жакындаганда өз пайдасына чечүү максатта аракет жасалып атканы туурасында талдоочулар кеп кылышат. «Адилет Орусия» фракциясы байлардын «ыгы жок топтолгон менчигине» салык салуу демилгесин көтөрүп чыкканын айтышат. Маселен, Мамдуманын депутаты Геннадай Гудковдун айтымында:
- Коомдо мекчиктик жиктелүү улана берет, биздин милдет алардын менчиктик жиктелүүсүн тирешкен чекке жеткирбөө.
Андай салык салына баштаса коомдо таптарды кайраштырган маанай жараларын жана анын аркасы барып улуттар ортосундагы кагылышты жаратарын «Независимая газета» жазат.
Азыркы Орусияда байлар менен кедейлердин ажырымынан алдыда чоң коркунуч турганын жазуучу Солженицын да «Шпигель» журналына берген маегинде айткан.
Кызык жери, Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына карай келгенде орусиялыктарды кийинки жети жыл ичи жеке менчик камы катуу ойлонто турганы маалым болот.