Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

10:48 Аксы окуясы калыс териштирилбесе аксылыктар жөө жүрүшкө чыгышы мүмкүн


Бул тууралуу аксылыктардын 18 жабырлануучусунун атынан баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге жолдонгон катта айтылат. Катта Аксы окуясы боюнча ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев, баш прокурор Чубак Абышкаевге, анын орун басары Курмантай Абдиевге кылмыш козголушун сурап, Кулуев, Абдразаков, Калбаев, Абдыразаков өңдүү жергиликтүү аткаминерлердин кылмыш иштеринин кыскарышына, кайра тергөөнүн жыйынтыктары менен жабырлануучулар тааныштырылбай жатышына нааразылык билдиришкен. Ошондуктан, жабырлануучулар Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш иши акырына чыкпаса күзүндө Аксы-Бишкек жөө жүрүшүн баштоону ниет кылышууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун коомдук жардамчысы Эсенгазы Жаңыбаев билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG