Августтун башында "Ирактын ынтымак фронту" деп аталган суннилердин саясий кыймылы - июнда камакка алынган маданият министри Асад ал-Хашимини бошотууну талап кылып, коалициялык өкмөткө кирген беш министрин өкмөт курамынан чыгарып кете турганын жарыялаган. Июнда парламент спикери Махмуд ал-Машхадани кызматтан четтетилгенде, "Ынтымак фронтунан" парламентке шайланган депутаттар сессияларды бойкоттоп, анын спикерлик кызматка кайтып келишин камсыз кылган. Машхадани - маалымат каражаттарына интервью бергенде башка саясатчылардын беделин түшүргөн деп күнөөлөнгөн.
Мындан бир апта мурда "Иракия" деп аталган диний эмес коалиция дагы анын атынан шайланган беш министр өкмөт жыйындарына катышпайт деп жарыялады, бул кыймылды мурдагы премьер-министр Айяд Аллауи жетектейт.
Ишемби күнү болсо "Ас-Садр" деп аталган парламенттик фракциянын жетекчилеринин бири Ахмед аш-Шарифи билдирүү жасап, кыймылга кирген депутаттар жана башка саясатчылар өлкөдөгү саясий аракеттердин баарын, анын ичинде өкмөт жыйындарын дагы бойкоттойт деп жарыялады. Анын айтымында, кыймыл атынан парламентке шайланган депутаттардын укуктарын мыйзамсыз деп эсептеш керек.
Шийи имамы Муктада ас-Садр жетектеген бул кыймылдын депутаттары парламент сессияларын апрелде жана кийин июлда дагы бир нече аптага бойкоттогон, 2004-жылы болсо ас-Садрдын "Мехди армиясы" америкалык куралдуу күчтөр менен Иракта кадимки согуш жүргүзгөн.
Премьер-министр Нури ал-Малики жекшемби күнү атайын билдирүү жасап, жакынкы күндөрдө негизги саясий партиялар жана башка кыймылдардын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлөт деп билдирди. "Пайда болгон саясий проблемаларды чечүү жолдорун издеш керек. Шашылыш маселелерди талкуулаш үчүн мен өлкөнүн негизги саясий жетекчилерин сүйлөшүүгө чакырдым. Эң биринчи кезекте саясий жараян жана өлкөнү калыбына келтирүү менен байланыштуу өкмөт алдында турган стратегиялык маселелер талкууланат", - деди премьер 12-августта.
Июлдун аягында парламент эс алууга чыккан, ошондуктан азыр сессия жыйындары жок. Айрым маалыматтарга караганда, күрд кыймылынын жетекчилеринин бири Масуд Барзани борбор калаа Багдад шаарына шашылыш келди жана биринчи сүйлөшүү Барзани менен өткөрүлүшү мүмкүн.
"Ирактын ынтымак фронтунун" төрагасы Аднан ал-Дулейми болсо жекшемби күнү "Ассошиэйтед пресс" агенттигине атайын кат жазып, дүйнөдөгү араб мамлекеттери Ирактагы сунни мусулмандарына колдоо көрсөтүүгө тийиш деп билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү бийликти азыр шийилер толук басып алды, ал эми суннилер куугунтукка алынууда. Ирактын шийи өкмөтү болсо кошуна Ирандын шийи жетекчилиги менен тыкыз мамиле түзгөнү ансыз деле оор абалды ого бетер татаалдантууда дейт Дулейми.
Ирактын президенти азыр күрд, премьер-министр - шийи мусулмандарынын өкүлү, парламент спикери болсо сунни, бирок өкмөт мүчөлөрүнүн арасында шийилер көпчүлүккө ээ, анткени парламенттик шайлоодо шийи уюмдары жеңип чыккан.
Өлкө калкынын 60 пайызын шийи мусулмандары түзөт, мурдагы президент Саддам Хусейндин учурунда болсо бийликте суннилер турган. Былтыр февралда Самарра шаарында шийилердин Алтын мечитинде жардыруу болгондон кийин өлкөдө диний аралык кагылышуулар башталган жана айрым эксперттер аны ич-ара согуш деп да мүнөздөйт.