Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:33

АКШ МЕНЕН САУД АРАБИЯ ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕЛЕР


Нарын АЙЫП, Прага АКШ өкмөтү азыр Сауд Арабия менен айрым башка араб мамлекеттерине ири көлөмдөгү курал сатууга даярданып жатат. Конгресс болсо аны сынга алып, сентябрда ага каршы атайын резолюция кабыл алыныш керек деп билдирүүдө. Кээ бир конгрессмендердин айтымында, террорчулукка каршы Эр-Рияд жетиштүү аракет көрбөй жатат.

АКШ өкмөтүнүн планы боюнча, келерки он жылдын ичинде Сауд Арабия менен кошо Бахрейн, Бириккен араб эмираттары, Катар, Кувейт жана Оманга бардыгы болуп 20 миллиард долларга курал сатылат, алардын арасында аскерий кемелер менен "Пэтриот" деген антиракеталык системалар дагы бар.

Айрым эксперттердин пикиринде, Иракка каршы Вашингтон согуш баштагандан кошуна Иран эң көп пайда тапты, ошондуктан аталган мамлекеттерге куралды АКШ - аймакта өсүп бараткан Ирандын таасирин басаңдатуу үчүн сатып жатат. Аны менен катар Иракта бийликке келген шийилер кошуна Ирандын шийи динаятчылары менен жакын мамиле түзө баштагандыктан, Исламдын сунни түрүн туткан Сауд Арабияга өзгөчө маани берилүүдө.

Бирок кээ бир америкалык саясатчылар - Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине Сауд Арабия өтө аз салым кошууда деп эсептейт. Ал тууралуу АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Залмай Халилзад 29-июлда ачык айтты. Эксперттердин эсебинде, Иракка сырттан келген согушкерлердин жарымы Сауд Арабиядан келет жана өздөрүн өздөрү жардырган жан кечтилердин көпчүлүгү - саудиялыктар.

Ал эми Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүккө ээ Демократиялык партиянын өкүлдөрү азыр атайын резолюция даярдап, алдыңкы үлгүдөгү куралды Сауд Арабияга сатууга тыюу салууга аракеттенүүдө. Конгресс 1985-жылы окшош резолюция кабыл алып, Эр-Риядка "Ф-15" кыруучу учактарын саттырбай койгон.

Андай күнөөлөр айтылганы менен, Сауд Арабия өз аракеттерин акыркы мезгилде бир кыйла кеңейте баштады. АКШнын Брукингс институтунун Катар мамлекетиндеги борборунун деректири Хэди Амрдын айтымында, өлкө жетекчилиги - Вашингтондун региондогу саясатына бир топ нааразы:

- Жакынкы Чыгыштагы жана Ирактагы абалды АКШ жөнгө сала албай жатканы Сауд Арабияга өтө жакпайт, ошондуктан Эр-Рияд азыр өз алдынча аракет көрүүгө дагы аракеттенүүдө. Мисал үчүн, Израил менен Палестина, же ХАМАС менен ФАТХ уюмдары ортосунда, андан тышкары Ливандагы абалды калыбына келтирүү ишинде Сауд Арабия ортомчу болууга умтулууда, - дейт Амр.

Ошол эле Брукингс институтунун Вашингтондогу башка бир эксперти Билал Саабдын пикиринде, региондогу мамлекеттерди шийи жана сунни мусулмандары деп экиге бөлүп, бардык саясатты ошого негиздөө дагы туура эмес:

- Региондогу ар бир мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарын караш керек. Перс булуңунда ким үстөмдүк кылууда, кубат булактары кимдин колунда, кимдин коргонуу мүмкүнчүлүктөрү күчтүү экенин. Бул жагынан караганда, сунни-шийи деп бөлүнгөндү мен көп көрбөйм, - дейт Сааб.

Ал эми Вашингтондогу "Жаңы Америка фонду" деген уюмдун эксперти Стив Клемонстун пикиринде, Сауд Арабия жөн гана өз кызыкчылыктарын көздөп жатат:

- Сауд Арабия өзүн жана сунни динин туткан башка мамлекеттерди - Ирандын көтөрүлүп баратканына каршы тургузууга умтулуп жатат жана АКШ менен Европага көп көңүл бурбайт, анткени алар өтө алсыз аракеттенүүдө деп эсептейт, - дейт Клемонс.

 

XS
SM
MD
LG