Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

ШКУнун ООГАНСТАН БОЮНЧА АТАЙЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТҮШҮ ЫКТЫМАЛ


ШКУнун Бишкек саммити алгач уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин тар чөйрөдө жолугушуусу менен башталып, көп өтпөй чоң залда кеңири чөйрөдөгү жолугушуу менен уланды. Уюмдун мүчөлөрү жана ага байкоочулук кылган мамлекетердин жогорку жетекчиликтери тегерек үстөлдүн айланасынан орун алышып, жыйындын төрагасынын ачылыш сөзүнөн кийин кезектеше сөз сүйлөштү. Cаммиттин жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин «ШКУнун алкыганда биз Ооганстандагы абал боюнча өзүнчө жыйын өткөрүшүбүз зарыл»,- деп белгиледи.

Саммитти ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев ШКУнун маанисин, уюмдун ага мүчө өлкөлөрдүн экономикасына, коопсуздугуна жана достук-кызматташтык мамилесине тийгизүүчү оң таасири тууралуу айтып кетти. Анын сөзү боюнча көп тараптуу соода-экономикалык мамилелер ШКУга мүчө өлкөлөрдүн калкынын жакшы жашоосуна өбөлгө түзөт. «Кыргызстан өзү жактан ШКУнун кызыкчылыгы үчүн бардык талаптарды аткарууга даяр»,- дейт Курманбек Бакиев.

Саммитте өлкө башчысы К. Бакиевден соң сөз алган казак президенти Нурсултан Назарбаев ШКУнун дүйнөдө ээлеген орду жыл сайын артып жатканына токтолду. Өз сөзүндө Н. Назарбаев ШКУга кирген өлкөлөрдүн маданиятын жана тарыхын окута турган борбор ачуу сунушун киргизди. Казак президенти экологиялык маселелерге дагы токтолуп, жыл сайын бул көйгөй Борбордук Азия үчүн өзгөчө актуалдуу болгонуна токтолду. “Дарыялардын соолуп жатышы, экологиялык маселелердин күн санап көбөйүшү тынчсызданууну туудурбай койбойт. Андыктан ШКУнун мүчөлөрү бул маселеге дагы өзгөчө көңүл бурса жакшы болмок”,- деди Н. Назарбаев. Казак президенти саммиттин катышуучуларына бирдиктүү инвестиция долбоорлорун иштеп чыгуу жана энергетика агенттигин түзүү сунушун киргизди.

Казак президентинен кийин сөз алган Кытайдын президенти Ху Цзиньтаонун сөзү орус тилине жыйынга катышып жаткан президенттерге жана аларга жакын отурган чиновниктерге гана которулду. Мындай мүмкүнчүлүктөн КТР аркылуу жыйынды көрүп жаткан эл дагы, ШКУнун маалымат борборундагы («Ак кеме» мейманканасы) журналисттер дагы кур калышты. Ошентип Кытайдын мамлекет башчысы эмне тууралуу сүйлөгөнү азырынча көпчүлүккө табышмак. Муну журналисттер жана талдоочулар ШКУнун уюштуруу комиссиясынын орчундуу кемчилиги катары баалашууда.

Орусия Федерациясынын президенти В.Путин өз сөзүндө Шаңхай кызматташтык уюму Борбор Азиядагы таасирдүү уюмга айланып бараткандыгын белгиледи. Ал бүгүн Бишкектеги саммите кол коюла турган «Узак мөөнөттөгү коңшулук, достук жана кызматташтык» келишиминин маанисин жогору баалады. Ошондой эле В.Путин уюм террорго, экстремизге жана сепаратизмге каршы күрөшкө терең көңүл буруу зарылдыгын, аймактык антитеррордук иштерди жандандыруу керектигин белгиледи. «ШКУнун алкыганда биз Ооганстандагы абал боюнча өзүнчө жыйын өткөрүшүбүз зарыл», - деп белгиледи В.Путин.

Орус президенти Владимир Путинден кийин сөз алган тажик президенти Эмомали Рахмон ШКУнун алкагында Жаштар ассоциациясы түзүлүп жатышын колдой тургандыгын айтты. Э.Рахмон эч кандай шартта, эч качан Тажикстан коңшу өлкөлөргө зыян алып келе турган долбоорлорду ишке ашырбай тургандыгын кошумчалады. “Соңку учурда жүрүп жаткан ар кыл сөздөргө карабастан, силерге биздин өлкө зыян тийгизбейт деп ишендиргим келет”,- деди Эмомали Рахмон. Ошондой эле ал: «Борбор Азиядагы туруктуулукту камсыз кылууда жана маңзаттарга каршы күрөшүүдө Ооганстандагы абалдын жакшырышы жана бул мамлекеттин өнүгүп-өсүшү ШКу үчүн маанилүү. Ошондон улам жазында Ооганстандын экономикасын көтөрүү боюнча ШКУ эларалык жыйын өткөрүшү зарыл жана ага ШКУга кирген мамлекеттердин экономика министрлери катышышы керек»,- деди.

Саммитке байкоочу катары катышып жаткан ооган президенти Хамид Карзай эл аралык террорчулук Борбордук Азия аймагына дагы коркунуч туудуруп жаткандыктан, дүйнө коомчулугу, аны менен бирге ШКУга мүчө өлкөлөр бул көйгөй менен күрөшүүгө тийиш деди. “Акыркы алты жылда Оооганстандын экономикасы бир кыйла жогорулады. Бирок бир топ көйгөйлөр дагы бар. Алардын негизгилери – маң зат жана террорчулук”,- деди Х.Карзай. Ооган президенти ШКУга мүчө өлкөлөрдү бул көйгөй менен күрөшүүдө салым кошууга чакырды. Сөзүнүн соңунда Х.Карзай саммиттин бардык катышуучуларына буга чейин Ооганстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Саммитке байкоочу катары катышып жаткан Монгол президенти Намбарын Энхбаяр ШКУга мүчө өлкөлөр өз ара биргелешкен аскерий окууларды тез-тез өткөрүп туруу сунушун киргизди. Монгол президенти миңдеген адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыктарды алдын-алуу жана бул кырдаалда бирдиктүү жардам көрсөтүү үчүн ШКУнун ролун жогору деп баалады. “Монгол өлкөсүндө деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, биз унаа байланышын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгабыз”,- деди Намбарын Энхбаяр.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ШКУнун аймактык коопсуздук үчүн зор ролго ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле ал: ШКУ саясий-дипломатиялык кызматташууда, экономикалык –гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү платформа түзгөндүгүн айтып кетти.

Ирандын президенти Махмуж Ахмединежад Бишкектеги саммитте Жакынкы Чыгышта айрым бир мамлекеттерди башка бир мамлекеттер күчкө салып басып алып жатат деп белгиледи. Талдоочулар Ирандын президенти М.Ахмединежад бул жерде АКШнын Ирактагы согушун айтып жаткандыгын белгилешүүдө. Ирандын президенти жер шарынын калкынын дээрлик жырымын түзгөн мамлекеттердин башын кошкон уюм аймактагы коопсуздук маселелерине көңүл бурушу зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал энергокубаттарды иштеп чыгуу, аларды ташуу жана пайдалануу багытындагы кызматташууну артыруу зарыл деп эсептейт.

Түркмөнстандын президенти К.Бердымухаммедов ШКУнун Бишкектеги саммитинде куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Түркмөнстан Шаңхай уюмун аймактагы экономикалык өнүгүүнү, саясий туруктуулукту камсыз кыла турган уюм катары караарын билдирди. Түркмөн президенти сөзүн кыскача айтты.

XS
SM
MD
LG