Канат-бучкагы кенен жайылып бараткан Шаңкай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйынына байкоочу, болбосо конок катары катышкан өлкөлөрдүн айрымдарынын ичара мамиле-катышы абыдан эле суз экени жалпыга маалым. Бирок ошол эле учурда уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичара мамилесин деле ынтымакка ширелип калган деп айтыш да кыйын. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, аны Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги сындуу борпоң уюмдардын мисалы деле айкын көрсөтүп бере алат.
- КМШнын ичара мамилесин борпоң деп айтабызбы же чың деп айта алабызбы? Борпоң болуп атпайбы. Шаңкай кызматташуу уюмунун 2001-жылдан берки долбоорлору, алардын ишке ашуусу – бул чын болуп жатат да.
Салкын-суз мамиле демекчи. Аны Өзбекстан президенти суу-энергетика проблемаларына байланыштырып, непадам, бу маселе суунун төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдүн кызыкчылыгына шайкеш чечилбесе ортодон от чыгып кетиши оңой эле экенин ырастоосунан деле баамдоого болот. Демократиялык баалуулуктар кенен-кесир орун-очок ала элек өлкөлөрдүн башын бириктирген Шаңкай кызматташуу уюмунун болочогу кандай болорун азыртан болжош кыйын. Профессор Зайнидин Курмановдун ырасташынча, ар кошкон мамлекеттерди эларалык террорчулукка каршы туруу зарылдыгы гана бириктирүүдө.
- Бир гана чоң маселе бириктирип жатат. Бул террорчулукка каршы туруу. Чөлкөмдөгү коопсуздук системасын түзүү. Бул максатты НАТО да алдына коет. Ошондуктан бул эки уюм бири-бирине каршы чыгат деген ойдон мен алысмын.
Ошол себептүү, Шаңкай кызматташуу уюму кубаттуу Түндүк Атлантика аскерий алянсына каршы турчу күчкө айланышы тууралуу божомол курушка али эрте. Саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов ага чейин эгемен өлкөлөр өзүнүн тышкы саясатын так аныктап алышы абзел деген пикирде.
- Ошондон кийин гана ШКУнун так багыты билине баштайт. Бүгүнкү күндө болсо ал террорчулук, жикчилдик, чаарбаштыкка каршы түзүлгөн уюм катары турат. Себебин ачык эле айтыш керек. Бул проблемалар Орусия менен Кытай мамлекетинде өзгөчө курч.
Бирок да азырынча Шаңкай кызматташуу уюму экономикалык байланыштарды баарынан жогору коюп, болгон аракетин ушул багытка бурууда, дейт саясат таануучу Марат Казакбаев.
- Бул уюмдун өнүгүшү өзү сындуу бирикмелер, анын ичинде НАТО, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмдары менен кызматташууга кызыкдарлыгына байланыштуу. Айрым эксперттер Шаңкай кызматташуу уюмун америкачылыкка каршы түзүлгөн деп айтышат. Менимче, бул туура эмес.
Советтер Союзу аскерий-саясий атаандаштыктын атантөө жүгүн көтөрө албай ордун эгемен республикаларга өткөрүп бергенден кийин апыл-тапыл түзүлгөн ортолук уюмдардын иши көбүнесе сөз дайрасында калкып, конкрет максат-милдеттер менен коштолбой келатат. Ал эми Шаңкай кызматташуу уюмуна мүчө айрым мамлекеттердин ичара салкын-суз мамилесинен тышкары ага кирүүгө куштар өлкөлөрдүн деле өзара чечип алчу маселелери толтура.
- Пакистан менен Индия. Экөөнүн ортосундагы тиреш. Дагы мисал десек, Ирандын АКШ менен чатагы. Бул жагдайда аларды кийин кандай шарт менен кабыл алууну чечип алыш зарыл. Ошондуктан бир дагы өлкө өзүнө тийиштүү проблеманын оор жүгүн ШКУнун мойнуна жүктөй салбай, анан гана кызматташуу уюмуна кирүүнү ойлошу абзел.
Байкоочулардын баамында, Шаңкай кызматташуу уюмунун болочогу ушу тапта ыкчам өнүгүп бараткан эки лөк мамлекет - Орусия менен Кытайдын мамиле-катнашына, саясий-экономикалык кызыкчылыгына байланыштуу. Азырынча ал мунай менен газ түтүктөрүнө бекем байланып, капитал агымы менен калкууда.