Коомдогу маанайдын тамырын тартып туруучу Левада борбору ушул айдын ортосунда жүргүзгөн сурамжылоо орустардын 55 пайызы «Орусия – орусиялыктар үчүн!» чакырыгын колдошо тургандыгын айгинелеген.
Мындай маанайды бийлик коомго таңуулап атат деген анализчилер саны арбын болууда. Анын себебин президенттин мурдагы жардамчысы Андрей Илларионов мындай чечмелейт.
«Алардын азыркы идеологиясы – «биздикизм!» Бийлик, киреше берчү булактар, жеке менчик, өлкө, атуулдар – ошол, өзүнүн деделин жан аябай коруучу жогорку топко, атайын кызматтагылар жаатына таандык. Калгандын баарын алардыкы эмес!»
Ал эми эки тажик жана дагстан боз уланынын көздөрүн тазалаган ким дегенге келгенде, алар муну Кремлди ичинен да сыртынан да сактап турушкан атайын кызматтагылар уюштурду дешет. Эл аралык евразиялык кыймыл жетекчиси Александр Дугин «бул жоруктун артында орус улутуна каршы башка элдерди тукуруу бар», - дейт. Ошол себептен бул кылмыштын бети сөзсүз ачылышы керек деген талап коет.
Ал эми мыйзамсыз иммигранттарга каршы турган кыймылдын лидери Александр Белов болсо ачык эле:
«Муну шайлоолор алдында кийинки мөөнткө калтыруу максатта Путинди ынандыруу үчүн эле орусиялык атайын кызматтагылар жасашты».
Ошол күндөрү Маскөө - Питер темир жолунда баратып жүргүнчү тартчу поезддин жардырууга кабылып оңкочук атышы да ушундай атайылап жасалган окуялардын бири дешет. Бул көз карашты карманышкандар арасы шол себептен чукулда дагы да кыйла окуялар болуп кетери туурасында кулак какты кылышууда.
Ошол эле учурда карапайым калктын арасын улутчулдук маанай кең каптаганын жана аны Кремлдин өз кызыкчылыгына пайдалана баштаганын «Сова» иликтөө борборунун анализчиси Галина Кожевникова айткан:
«Бул жерде жапырт жат кишиден коркуп-үркүүнү бийликтин өз пайдасына чечүү болуп атат. Буга окшогон «жаман» улутчулдар бар. Биз да улутчулбуз, бирок «жакшы» улутчулбуз дегенди көргөзүш үчүн жасалып атат».
Дагы бирөөлөр өзгөнү жерүү орусиялык коомдо мурда эле бар эле болгону, жана азыр ал ачыкка чыкты дешет.