Ага жер титирөөдөн жабыркаган Кочкор районунда иштеп жаткан алты студенттик отряддын 230га чукул мүчөсү катышты. Слётто спорт оюндарынын мелдештери болуп, кочкорлук жаштар менен күч сынашышты. Кыргыз-орус Славян университетинен, курулуш жана архитектура университетинен жана курулуш колледжинин студенттери эки ай бою Кочкор жергесинде иштеп, Семизбел мектеби сыяктуу бир топ обьектилерди бүтүрүштү. Айлыктары орто эсеп менен беш миң сомдон болду. Бүгүнкү иштерге да “Хантеңри” аттуу курулуш фирмалары жана жергиликтүү бийликтер студенттерге акчалай сыйлык, мактоо баракчаларын тапшырып, ыраазычылыктарын билдиришип, жаңы окуу жылына узатышты. (JI)