Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Келишимдерди ратификациядан өткөрүү үчүн эми парламентке жолдонот. Кыргыз өкмөтү менен “Камеко” Кумтөр кени боюнча жыл башынан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүп, анын соңунда Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” 15.6% үлүшүн 30.6% жеткирүүгө макулдашты. Эки тарап макулдашууга жетишкенин өкмөт башчы шаршемби күнү кабарлап, бейшемби күнү өкмөттүн атайын жыйынында ал келишимдер жактырылган. (AiT)
14:04 Өкмөт башчы “Камеко” жана “Центерра голд инк” менен жаңы кошумча келишимдерге кол койду