Ушул күнү түшкө жуук сынак өткөрүлөт. Анын жыйынтыктары эртең басма сөз өкүлдөрүнүн катышуусунда маалым болот деп күтүлүүдө. Сынактан жеңген фирма зыяратчылардын сапарын уюштуруу укугуна ээ болот. Аба жол каттамдарын уюштурууну каалаган компаниялар арасында сынак 10-сентябрда өтөт. Бул жылы Меккеге сапар тарта турган зыяратчыларды жетимишке жакын адамдан турган атайын топ коштойт. Анын курамында дарыгерлер, котормочулар жана адвокаттар бар. (ZMa)
8:18 Бүгүн Меккеге ажылык сапарды уюштурууну каалаган туристтик фирмалардан сынакка арыз алуу аяктайт