- 2000-жылы “Ата мекен” социалисттик партиясы мыйзам долбоорун киргизген. Ал мыйзам 2003-жылы кол коюлуп күчүнө кирди. Ал мыйзам “Айыл чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуулар” деп аталат дагы, кээ бир стратегиялык деп эсептелинген айыл чарба продукциясын мамлекет сатып алып, баанын сезондук, спекулятивдик, ажиотаждык термелүүлөрүнө жол бербестен, жыл бою белгилүү бир чекте кармап туруш керек деген саясат. Тилекке каршы өкмөт ар жылы бюджетти караганда бул багытта акча бөлбөстөн, дыйкандар жылдан-жылга күйүп, эмдиги жылы эмне эгерин билбестен, кепилдик болбостон өзүлөрүнө гана ишенип, ар кандай продукцияга көчүп жүрүшүп, жылдан-жылга буудайдын эгилиши азайып кетип атат. Ошондуктан, биз биринчи ошол мыйзамды мамлекеттин иштетишин талап кылдык.
Экинчиси, сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу саясатын мамлекет өз колуна алыш керек. Азыркы үрөн чарбалары ар кандай льготаларды, көптөгөн гектар жерлерди алып алышып, чындыгында үрөн чыгарбастан катардагы эле буудай чыгарып, кызылкулактык менен өз шартын жакшы аткарбай келип атат. Бул багытта мамлекет ишти өз колуна алыш керек. Түздөн-түз мамлекетке, элге керектүү продукцияны өндүрүп жаткан дыйкан чарбаларына мамлекет жардам берүүнүн өзгөчө формаларын, товардык, финансылык, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана ушуга окшогон башка механизмдерди иштеп чыгарып, мына ушуну региондор боюнча кармап туруш керек деген өзүбүздүн сунушубузду киргизип жатабыз. Албетте, бул абалдан бир күндө чыгыш кыйын, бул келечекке багытталган мамлекеттик колдоо саясаты жүрүш керек.
- Өмүрбек мырза, бүгүн президент баштаган жетекчилер ушул маселени талкуулаганы жатышат. Бул маселе кандайдыр бир тыянак береби?
- Эң негизгиси биз мамлекеттин маңызын, анын милдетин түшүнүшүбүз керек. Мына ошондон кийин гана алар биз сунуштаган мыйзамды аткарыш керек. Ага атайын акча бөлүнүш керек дагы, уурдалбастан өтө кылдат, көзөмөлдүн алдында бул механизм иштеш керек. Ал эми кыска убакытта ажиотаждык бааны басаңдатып кармаса болот. Биздин коңшу өлкөлөрдө Казакстанда, Орусияда, Израилде нан 12 пайызга, Беларусияда 2,5 пайызга кымбаттаган, ал эми Кыргызстанда 40 пайызга кымбаттады, үч эсе көп. Бул эмне дегенди билдирет? Мунун өзү бизде ажиотаждык, кызылкулактык кымбаттоо дегенди билдирет. Дүйнөлүк рынок деп айтып аткан жалган. Мамлекет ушул процессти токтотпой четте карап туруп алды дегенди билдирет. Мисалы, Ливерпулда кээ бир жылдары пахтанын баасы 30 пайызга түшсө, Кыргызстанда 300 пайызга түшөт, он эсе. Бул биздин рынок дүйнөлүк рынок менен түздөн түз байланышпастан, кызылкулактыкка ар дайым жол берип атканыбызды билдирет.
- Сиздин божомол элге кандай таасир этиши мүмкүн, нааразылык акцияларды жаратпайбы бул маселе?
- Нандын гана кымбатташы кедейлердин санын 400 миңден ашык адамга көбөйттү. Бирок нандан башка продукциялар да кымбаттап атат. Демек, кедейлердин саны 2 жарым миллион адамдан ашып отурат. Быйыл 60 пайыз калк кедей босогосунан төмөн түшүп кетти. Мындан ары баанын кымбатташы күтүүсүз процесстерди, нааразылыктарды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан өкмөт тез арада эффективдүү чараларды көрүш керек.
- Маегиңизге ырахмат.