Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

8:22 Бүгүн “Журналисттер” коомдук бирикмеси Ж. Арыковага байланыштуу маалымат жыйынын өткөрөт


Буга чейин аталган коомдук бирикме бардык журналисттерди Жыпаргүл Арыкованын үй-бүлөөсүнө жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултууга чакырып келген болчу. Чогулган каражат Арыкованын үй-бүлөөсүнө эртең боло турган Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүнө карата тапшырылат. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев “Азаттыкка” билдирди. “Жыпаргүл Арыкова тыңчылык кылган деген айыпка күмөн санайм. Себеби, парламенттин басма сөз өкүлдөрүндө жашыруун сырды алууга мүмкүнчүлүк жок”,-деди М. Токоев. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова “тыңчылык кылган” деп шектелип, 19-июндан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалып отурат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG