СИДНЕЙ. Орусиянын президенти Владимир Путин АPEC өлкөлөрүнүн Австралияда өтүп жаткан саммитинде Кытайдын президенти Ху Цзиньтао менен сүйлөшүп, ал кызматтан кеткенден кийин Орусиянын Кытай саясаты өзгөрбөй турганына ишендирди. Кытай менен Орусия өз ара мамилелерин стратегиялык кызматташуу катары сыпатташат. Бирок серепчилер Орусия-Кытай экономикасынын дүркүрөп өсүшүнө камтама болуп жатканын белгилешет.