АСТАНА. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Түркмөнстанга президент Курбангулы Бердимухамедов менен сүйлөшүү үчүн келет. Эки күндүк визиттин жүрүшүндө тараптар Түркмөнстандын газ кендерин Россия менен байланыштыра турган газ куурларын жаткыруу маселесин талкуулашат.