Кожомкул атындагы спорт сарайында өтө турган чемпионатка жыйырмага чукул эстрада ырчылары, актерлор жана музыканттар, теле-радио алып баруучулар катышат. Бул иш-чара “Көкжал” федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун менежери Тынчтыкбек Кожобеков билдирди. Анын айтымында, келечекте аялдар арасында дагы бокс боюнча чемпионат уюштуруу пландары бар. Чемпионат үч күнгө созулат. (ZMa)