Синдзо Абэ өкмөт башына былтыр сентябрда келген. Бир жыл ичинде анын башкаруучу либерал-демократтар партиясы саясий жаңжалдардын төө бастысында калды, быйыл июлдагы шайлоодо парламенттин жогорку палатасындагы орундардын көбүн оппозицияга уттуруп жиберди. Абэ Япониянын Ооганстандагы аскер-деңиз озуйпасын дагы бир мөөнөткө узартууну сунуш кылып,обуру чыга баштаган оппозиция ага катуу каршы чыкты.Эгер бу сунуш өтпөсө,кызматтан кетерин билдирген Абэ,балким, ушу жагдайдан улам ноябрды күтүп отурууну эп көрбөсө керек.
Лондондук белгилүү эксперттердин бири Роберт Ворддун айтымында, япондор Ооганстандагы коалициянын операцияларын отун-суу менен камсыздап турушкан. Абэнин капыстан кызматтан кеткени АКШ өкмөтүн катуу өкүттө калтырды. Бу милдеттин мөөнөтүн узартуу маселеси ноябрда колго салынганда,анын колдоо табары өтө күмөн. Парламенттин жогорку палатасын контролдоо укугун быйыл жайда утуп алган оппозициядагы демократиялык партия бу сунушка кайрадан каршы болорун, бу чечиминен кайтпай турганын дамамат бышыктап айтууда. Коомдук пикир да демократтар тарапта.
Либерал-демократтар ушул айдын этегинде өз лидерин шайлашат. Ага эки киши –азыркы тышкы иштер министри Таро Асо менен финансы министри Фукусиро Нукага – талапкер болот деп айтылууда. Ворд ким премьер болсо да, Абэнин саясий багытын улантары шексиз,ал эми ооган озуйпасын уланта алары өтө күмөн деген пикирде.
Либерал-демократтар ушу тапта парламенттин төмөнкү палатасын контролдоп турушат эмеспи, алар, балким,ушу абалдан пайдаланат чыгар?
Алар муну жасай алат эле,бирок бийликтин саясий жана моралдык жоопкерчилиги жагынан алганда бу аларга абдан кыйын болот, дейт Ворд. Анын үстүнө либерал-демократтардын бир топ былыгы чыгып калып, өздөрүн абдан аксатып алышты. Ушундан пайдаланып, оппозициядагы демократиялык партия эми мөөнөтсүз шайлоо өткөргөнгө,төмөнкү палатаны да өз контролдугуна алганга дама кылып жатат.
Кыскасы, Япониянын Ооганстандагы озуйпасы быйыл соңуна чыгышы да мүмкүн. Ушу себептен улам америкалыктар ашкере тынчсызданып, оппозициянын лидери Ичиро Озавага жол тапканга, ага жолугуп, ооган озуйпасын колдоп берүүгө аны көндүргөнгө аракет кылып жатышат. Бирок мындан майнап чыгары өтө эле күмөндүү көрүнөт, дейт Ворд.