Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

КАРИМОВ БИЙЛИКТЕ КАЛУУНУН АМАЛЫН ИЗДЕЙБИ?


Өзбекстан 23-декабрде өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлө тургандыгын жарыялады. Ошентип өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлөбү же жокпу деген күмөндүү күдүңдөргө бир жактуу жооп берилди. Бирок шайлоочулар 1989-жылдан бери башкарып келаткан Ислам Каримов бийликтен кетпейт деп эсептешет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында шайлоо өнөктүгү ушул жума күнү 21-сентябрда башталат. Президенттик шайлоого өз талапкерлигин кое тургандыктарын бир нече киши жарыялашты. Укук коргоочулар альянсы деген бейрасмий уюм үч талапкерди: Жахонгир Шосалимовду, Тожибай Оглини жана Ахтам Шоймардановду көрсөттү. Төртүнчү талапкер Хорезм шаарынын тургуну, дарыгер-профессор Сухпат Абдуллаев.

Шайлоого катышууга укук алуу үчүн талапкерлер 700 миң кишинин колун топтоп, Борбордук Шайлоо Комиссиясынын каттоосунан өтүшү керек. Ал эми аларды президентикке көрсөткөн демилгелүү топ 300дөн кем эмес кишиден туруусу абзел.

Бул талаптарга укук коргоочулар август айында эле наразылык билдирип, кол топтоону бийлик репрессиялар менен куугунтуктоо үчүн пайдаланышы мүмкүн деп чыгышкан.

-Кол топтогон учурда мен кол койгон адамдардын дарегин, телефонун жана туулган жери менен паспортунун номерин кошо жазуум керек. Бул аларды куугунтуктоо үчүн жол ачып жатпайбы ,- деп нааразы болду Тожибоев.

Шайлоого оппозициянын айрым өкүлдөрү,"Бирлик" партиясынан - Абдурахим Полат жана "Эрк" партиясынан - Мухаммад Солих да ат салышууга даяр экенин билдиришти. Бирок алардын катышуусуна Констиция жол коеру күмөн, анткени президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн кандидат акыркы 10 жылдын ичинде республикада жашаган болушу керек. Ал эми Полат менен Солих экөө тең он жылдан ашык убакыттан бери чет элде сүргүндө жашоого мажбур.

Шайлоого катыша ала турган дагы бир оппозиционер - Санжар Умаров былтыр марттан бери түрмөдө отурат, ал 2005-жылы болгон Анжиян трагедиясы үчүн Каримовдун өкмөтүн айыптап, президенттин каарына калган. Аны түрмөгө салуу үчүн бийликтер арам акчаны адалдады, салык төлөөдөн качты деген кине таккан. Азыр Умаровдун акыбалы начар, ага туугандары жана жакындары менен көрүшүүгө тыйуу салынган.

Талапкерлердин баары өлкөдөгү бийлик бүтүндөй Каримовдун колунда экенин белгилеп, аны менен тең тайлаша албасын айтышат. Бирок алардын пикиринде Каримовдун режимине каршы кимдир- бирөө даап чыгыш керек, жаштарга дем берип, мисалы болуш керек.

Ал эми Каримовдун режимине нааразы болгондор көп. Беймаалм калуунун каалаган бир аял бизге телефон аркылуу мындай деди:

-Баардык нерсе кымбаттап баратат. Базардан суу май таппайсың. Сатылып жатканы болсо эбак эле эскирген. Азык- түлүк кымбат, тамакты тойо жебейбиз. Кээде тамак жасасак, башка күндөрү ачка эле жатып калабыз. Ушундай башчынын бийликте кала берүүсүн кантип кааламак элем. Албетте каалабайм.

Баян Жумакадыр кыз, Прага

XS
SM
MD
LG