Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

12:45 Кыргызстандык, Азия чемпиону Базар Базаргуриев Бакыда коло медаль утту


17-сентябрдан бери Азербайжан өлкөсүнүн борбору Бакы шаарында грек- рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионатына жетимишке жакын мамлекеттердин балбандары күч сынашууда. Бакыдагы дүйнөлүк таймашууга грек- рим күрөшү боюнча Кыргызстандан тандалган жети балбан барып бирөө дагы ийгилик жарата албады. 19-сентябрда Бакыда эркин күрөш боюнча да дүйнө чемпионатынын алгачкы күч сынашуулары болуп, жеңил салмакта жаштар арасында дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Турарбек уулу Нурлан биринчи беттешүүдө кытайлык Жон Луого утулуп, таймашуудан чыгып калды. 60 кг салмакта күрөшкөн Азия чемпиону Базар Базаргуриев Молдова, Украина жана Түркиянын балбандарын жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду. Ошондой эле ал Бээжин олимпиадасына жолдомо да алды. Эми кыргызстандык балбандар Талант Жекшенов менен Данияр Самсалиев бүгүн 20-сентябрда килем үстүндө таймашууга чыгышат. 21-сентябрда Азиянын чемпиону, мурдакы жылкы дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, 14-15- Азия оюндарынын жеңүүсү Алексей Крупняков өлкөнүн намысын коргойт. (КМа)

XS
SM
MD
LG