Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Т. БАЛТАБАЕВ: БАКИЕВ КАЗАКСТАНДЫ ТУУРАП ЧӨНТӨК ПАРЛАМЕНТ ТҮЗГӨН ЖАТАТ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орунбасары Ташболот Балтабаев болду.

- Кечээ президент кол койгон жарлык боюнча 21-октябрда жалпы элдик референдум өтө турган болду. Бирок бир айлык гана кыска мөөнөттө кыргыз эли президент сунуштаган эки долбоор менен таанышып үлгүрбөйт деген сын-пикирлер айтылып атат. Сиз кандай ойлойсуз, бул референдумдун ушундай кыска мөөнөттө даярдык менен өткөн референдумдун адилет өтөөрүнө ишенич барбы?

- Эң негизгиси адилет өткөрөйүн деген максат барбы деп сурасаң туура болот эле. Ошончолук күтүүсүздөн, эл тааныш эмес Конституциянын долбоорун бир айдын ичинде референдум аркылуу өткөрүү өзү күмөн туудурат. Ал кандай жолдор менен максатка жетүү үчүн оңдолот, түздөлөт көрүп жүрбөйбүзбү. Ошондуктан андай ишеним жок. Конституцияны эки жарым жылдан бери президент баш болуп, саясатчылар төш болуп түшүнбөй атышат. Анан эл 20-25 күндүн ичинде кантип түшүнүп чечим кабыл ылышы мүмкүн.

- Референдум тууралу Жогорку Кеңеш 18-сентябрда эле мыйзам долбоорун кабыл алды эле. Бирок президент аны карабай туруп 2003-жылкы Баш мыйзамдын чегинде референдум өткөрүүгө жарлыгын чыгарды. Эми парламент менен президенттин ортосунда каршылашуу пайда болушу мүмкүн деген пикирлер айтылып атат. Бул албетте парламенттин тарашына алып келет деп айтып атышат адистер. Ошол эле учурда кайра парламенттик шайлоо болушу өлкөдө саясий кырдалдын олку-солкусуна алып келиши мүмкүн деген да пикирлер бар. Сиздин оюңуз кандай ушуга карата?

- Менимче парламент ошондой мамилеге татыктуу болду. Себеби бир айдын ичинде эки башка Конституцияга кол көтөрүп, ар түрдүү элдин, мамлекеттин пайдасына жооп бербеген чечим кабыл алып, оюн ойноп, кыскасы парламентти таратуу бул 2005-жылдагы элдин революциянын биринчи талабы болчу. Мен ойлойм парламентти таратыш керек. Бул парламент эч кандай принципалдуу, пайдалуу элге иш кыла албайт. Мандатын сатып алып келген кишилер элди сатып алууга, элдин мүлкүн сатууга гана кызыктар деп эсептейм. Башка маселе кандай жол менен таратуу керек. Муну даярдап алып таратыш керек, эл билиш керек жаңы парламент кандай система менен, кандай жолдор менен, кандай принцип менен шайланат, ага эл даяр болуш керек. Элди даярдашыбыз керек. Элдин аң-сезимине, пикирине жеткиришибиз керек. Казакстандагы вариант менен бүгүнкү Бакиевдин бийлиги өзүнүн партиялаштарын, өнөктөштөрүн парламентке алып келип алып, чөнтөк парламентти түзүп алып, бардык чечимдерди каалагандай, так саясатын эффективдүү жүргүзүүнүн жолун издеп атат.

- Партиялдаштары дедиңиз, мамлекет башчы өз партиясын түзөөрүн билдирди кайрылуусунда. Буга чейин бир катар саясатчылар биздин кабарчылар менен болгон маектерде талкуулар болду. Ошол джемилгени оң баалашты. Себеби президент өз командасы менен башкарганы жакшы дешет. Партиялаштары президентти ооздуктап, сын-пикирлерди айтып турушат дейт. Ошондой мүмкүнбү, бийлик партиясына бетке айткан саясатчылар киреби?

- Принцибинде туура, президент эч кандай партиянын курамында жокмун, 100 пайыз элдин өкүлүмүн дегени туура эмес. Президент кандайдыр бир саясий күчтүн өкүлү болушу керек келечекте. Ошондуктан негизинен бул туура деп эсептейм. “Жаңы Кыргызстан”, “Эмгек жана биримдик” жана башка бир топ партиялар президенттин камчысын чаап, эки жылдан бери элге мамлекеттин эсебинен гуманитардык жардамдарды ташып жүрүшөт. Эми ошол эле кишилер болот, башка киши жок президентте, мүмкүy атын өзгөртүп коёр.

-Мамлекет башчы кечээ кайрылуусунда өлкөдө экономикалык өсүш болуп жатканын баса белгиледи. Бирок ошол эле учурда айрым көз карандысыз экономисттер иш жүзүндө андай эмес экенин айтышууда. Сиз кандай ойлойсуз?

- Экономикалык өсүштү экономикалык деңгээлди салыштырып караганда гана билсе болот. Бүгүн Кыргызстандын 5 млн. эли болсо, бир жылда 300 млн. долларлык байлык чыгарат экен. Ошол эле учурда Казакстандын, Орусиянын 5 млн. элине 3 млрд. доллар товар туура келет экен. Кыскасын айтканда алар бизге караганда жан башына 10 эсе байлыкты көп өндүрөт экен. Эгерде аларга караганда Кыргызстанда он эсе эл керектөөчү товарлардын баасы төмөн болсо, анда казакстар менен кыргыздардын жашоо деңгээли бирдей десек болот эле. Бүгүн Казакстан, Орусия, Кыргызстандагы эл керектөөчү товарлар бирдей деңгээлде болуп атат. Бул өтө жөнөкөй арифметика көрсөтүп атат кыргыздардын жашоо деңгээли кечээги эле кошуналарыбызга караганда он эсе төмөн.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG