Депутаттардын кыйласы президенттин референдум өткөрүү жөнүндөгү чечиминин алгылыктуу жактарына караганда мыйзамсыз жактары арбын деп жатышат. Маселен, депутат Азимбек Бекназаров президенттин жаңы Конституция долбоорун референдумга коюуга укугу жок деп билдирди. Ири алды бүдөмүк болгон бардык маселелерди топтоштуруп тактап алуу зарыл деген депутаттардын бири Кубатбек Байболов президент менен Конституциялык Соттун төрайымына үч сунуш жолдоо демилгесин көтөрдү:
-Биринчиси, 1993 жана 2003-жылы кабыл алынган Конституциялар күчүндөбү же күчүндө эмеспи? Ушуга жооп берсин. Бүгүн кайсы Конституция менен жашап атабыз? Экинчи суроо – ушуга жооп берсин. Үчүнчүсү, 96- беренеге ылайык Жогорку Кеңештин Конституцияга өзгөртүү жана түзөтүү киргизүүгө укугу барбы же жокпу – ушуга жооп беришсин!
Төрага Марат Султанов дагы бир ирет сынга кабылбаш үчүн Конституциялык Соттун ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча Азимбек Бекназаров баштаган комиссиянын отчетун угуп, ошонун негизинде токтом түрүндө сунуш кылуу жөндүү деп эсептеди:
- Ошондо бизде олуттуу документ болот да. Анын анча-мынча ката кетирип койсок, кийин чыгып алып дагы айтышы мүмкүн, мына, Жогорку Кеңеш туура эмес чечимдерди кабыл алып атат деп.
Депутат Алишер Сабиров Конституциялык Сотко экинчи ирет кайрылуу Жогорку Кеңешти ыңгайсыз абалга калтырарын эскертти.
Экс-спикер Өмүрбек Текебаевдин көз карашында, парламенттин мындай аракети коомчулук тарабынан ордун сактап калуу үчүн гана депутаттардын жандалбастоосу катары кабылданып калат.
Ошондуктан, депутат Конституциялык Соттун акыркы чечиминин жана президенттин жардыгынын мыйзамсыздыгын тарых үчүн гана белгилеп, иш жүзүндө референдумга парламент өз кеңештерин бериши керек деп эсептеди:
- Мындай карасак, биз коргонгон, орду үчүн күрөшкөн, мындай бир жаман адамдар сыяктуу көрүнүп калып атабыз. Жок, андай эмес. Биз ушуну көргөзүшүбүз керек дагы, референдумга кеңешибизди бүгүн айтышыбыз керек.
Депутат Темир Сариев парламенттин коргонуу ыңгайында болушун жактырган жери жок:
- Коргонгон жаман болот, чабуулга өткөн жакшы болот. Президент, анын администрациясы «чабуулга» өттү. Биз коргонбошубуз керек. Биз андан да ары кадамдарды шилтешибиз керек.
Депутаттын көз карашында, президент «Референдум жөнүндөгү» мыйзамга кол койбой туруп, аны өткөрүүнү жарыялап мыйзамды одоно бузду, ошондуктан, ал мындай өксүктү оңдоп туруп, референдумду жаңы мөөнөткө кайра жарыялашы керек.
Ошентип, референдумдун жарыяланышы парламенттин күн тартибинин ыраатын бузду. Депутаттар жаңы жагдайга жараша референдумга чейинки күн тартибин адегенде фракцияларда, соңунан сессияда аныктамай болушту. Алды менен парламент президент сунуштаган жаңы Конституция менен жокко чыгарылган Конституцияларды салыштырып баа бергени калышты. «Жаңы Конституция жөнүндөгү» мыйзам долбоорун президенттик адмиинстрация ушул эле күнү расмий жарыялады. Конституциянын ноябрь, декабрь редакцияларын Конституциялык Сот 14-сентябрда жокко чыгарган. Муну мыйзамсыз деп санаган парламент дароо Конституциялык Сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом чыгарган.
Конституциялык Соттун төрайымы өз кезегинде Жогорку Кеңеш аша чапты деп, мыйзамдуу чара көрүүнү президентке сунуштаган болчу. Президент 19-сентябрдагы өз кайрылуусунда конституциялык реформа саясий күрөштүн курмандыгы болду деп билдирип, Конституциялык Соттун чечимин тааныбаска арга жок деген. Бакиев Жогорку Кеңешти Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизбей жатканы үчүн да сынга алган. Конституция менен Шайлоо Кодексинин жаңы редакциялары 21-октябрдагы референдумга коюлганы турат.