Парламентте сөз алган көпчүлүк депутаттардын Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ичи чыккан жери жок. Ириде долбоорго президенттин укуктары көбөйтүлүп, парламенттин укуктары азайтылган, авторитардык башкарууга ыктап калган деген дооматтар коюлууда. Депутат Кубатбек Байболов, маселен, кризистик жагдайды түзгөн он беш чакты өңүттү байкаганын билдирди. Анын көз карашында парламент менен президенттин, президент менен премьер-министрдин ортосунда кризистик негиздер мурдагы сакталып калган. Буга жол бербеш үчүн президент Жогорку Кеңешти таркатуу, референдум жарыялоо сыяктуу укуктарынан баш тартышы керек дейт депутат. Байболовдун баамында долбоордун начар жагынан жакшы жагын саноо жеңилирээк:
- Жанагы 100% пропорционалдык система, анын негизинде парламент премьер- министрди дайындайт деген эки гана жобо. Калгандары өтө начар. Декабрдагы Конституция бул долбоорго караганда күндүк-түштүк өөдө болуп атпайбы.
Конституциянын жаңы редакциясы премьер-министр Алмаз Атамбаевдин долбооруна негизделгенине ошол долбоорду даярдаган жумушчу топтун мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов терен ишенет:
- Президент сунуш кылган долбоор ошол биз киргизген долбоордун эле негизинде болгон экен.
Президент Курманбек Бакиев өз кайрылуусунда долбоордо конституциялык реформанын жалпы идеяларын камтыганын белгилеген:
- Долбоор өткөн жылдардагы Конституциялык реформада ар кыл топтор талкууланган идеяларга негизделди. Биз ошондой эле Конституциялык Соттун сунушун эске алдык.
Саясатчылар арасында президент өз бийлигин бекемдөө максатында саясий кырдаалды айлакердик менен пайдаланды деген көз караштар басымдуу болууда. Муну президенттик ыйгарым укуктардын көбөйүшү менен негиздешүүдө. Маселен, депутат Азимбек Бекназаровдун көз карашында, экс-президент Акаевдин укуктарынан азыркы президенттин укуктары он эсе көбөйдү:
- Аскар Акаевичтикинен он эсе көп укук алыптыр. Бирок, мени коркутканы – 46-беренеге 13-пункт кылып, бир пункт киргизиптир онунчу пункт кылып. Өзүнө баш ийген мамлекеттик органдарды президент түзө алат, жое алат деп турат. Бул деген кааласа Жогорку Кеңешти түзөт, кааласа прокуратураны түзөт, кааласа сот органдарын түзөт деген нерсе.
Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков Жогорку Кеңештин бийлик укуктары караманча азайып кетти деген көз карашка кошула бербейт:
- Идеалдуу дегенден алыспыз. Парламенттин бир топ укуктары жок болуп калды. Парламент 2010-жылга чейин сакталат деген бир дагы пункт жок. Президенттики сакталып атат. Ошол эле учурда парламентте бир топ укуктар калып атат. Мисалы, өкмөт башчысын, өкмөттүн структурасын бекиткенде, борбордук органдардын жетекчилерин бекиткенде, анан негизги контролдук функцияларыбыз дагы калып атат. Президентке импичмент жарыялаганга укук бар.
КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеевдин оюнда, Конституциянын жаңы редакциясындагы бийлик укуктарын авторитаризмге оодарып жибербөөнүн жалгыз аргасы саясий партияларда:
- Авторитаризмге ооп кетпеске, бөгөт коюуга партиялардын гана кудурети жетиш керек.
Эксперттер өз кезегинде саясий партиялардын арасында мындай күчтүү саясий партия бар деп эсептешпейт.