Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

РЕФЕРЕНДУМ: УБАКЫТ ЧУКУЛ, ЭЛДИН КӨБҮ ЧЕТТЕ


21-октябрга белгиленген жалпы элдик референдумдун кам-чому кандай болору, кыска убакта маанилүү саясий иш-чараны өткөрүүнүн түйшүгү Борбордук шайлоо комиссиясынын жума күнкү отурумунда талкууланды. Баш-аягы бир ай ичинде шайлоо комиссиялары түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси такталып, түшүндүрүү, үгүт иштери жүргүзүлүшү керек. Башмыйзамдын жаңы редакциясына өзгөртүү, толуктоолор киргизүү, Шайлоо кодексин жаңылоо аракетинин баасы 58 миллион ашуун сомду түзөрү мына ушул жыйында маалым болду.

Борбордук шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн биртобун толгонткон маселе келаткан референдумду кайсы мыйзам негизинде өткөрөбүз суроосу болду. Референдум жөнүндөгү сыясы кургай элек жаңы мыйзамга президент кол кое элек. Ага чейин 1991-жылкы референдум тууралуу мыйзам колдонулары турулуу иш.

-Бирок мына референдумдун өтүшүнө 30 күн калды.Ошол мыйзамда көрсөтүлгөн саясий уюмдар, партиялар алиге чейин, мына жарлык чыкканга үч күн болду, эч кандай кандидатураларды берген жок ,- дейт Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Жеңишбек Акматов.

Азыркы экономикалык тартыш заманда алдыда өтчү саясий иш-чара 58 миллион 574 миң сомго жакын акчаны короткону турат. Майда деп маани берилбегени менен шайлоочулар тизмесин тактоо бири Орусия, Казакстан, экинчиси башкалаа Бишкекте жүрүшкөн чакта кыйын экенин, анан да тизмени референдумга 25 күн калганда шайлоо участогунун алдында жарыя илип чыгууга комиссия үлгүрө алабы?

- Тизмеде өлгөн кишилер да бар, Орусияга кеткендер жүрөт. Ушунун баарын тактап алсын деп атабыз да. Кимиси бар, кимиси ошол жашаган жеринде жок ,- деп билдирди БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева.

21-октябрдагы элдик референдумга эки лөк суроо коюлганы туру. Бири Башмыйзамдын жаңы редакциясына оңдоо-түзөтүүлөр, экинчиси Шайлоо кодексине өзгөртүү-жаңыртуулар. Өлкө турмушундагы өзгөчө маанилүү эки укуктук документтин бир референдумга коюлушу шайлоочулардын укугун чектебейби, суроосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбековдун жообу момундай болду.

- Экөө тең чоң маселе. Мына ушул эки чоң маселенин артынан бир жылдан ашык убакыттан бери көп талкуу болуп элдин баарына белгилүү.

Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бегматов көпчүлүккө бейтааныш Шайлоо кодексине киргизилчү өзгөртүү, толуктоо кошумчалар парламентте эчен ирет такталганын ырастады.

- Референдумга коюлуп жаткан варианты бизге белгилүү эмес азыр. Ал массалык маалымат каражаттарында жарыяланып билиниши керек. Бирок биз бир жылдан бери Жогорку Кеңеш, анын тийиштүү комитети, коомчулук, саясий партиялар менен ошол Шайлоо кодекстин жаңы вариантын иштегенбиз.

БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын жеке пикиринде референдумга Шайлоо кодексин алып чыгуунун кажаты деле жок болчу. Конституциянын негизги маселеси башкаруу системасын жалпы элдик суроого алып чыкса дурус болмок.

Парламент депутаты Темир Сариев Башмыйзам менен Шайлоо кодексине өзгөртүү, толуктоолор киргизүү жоопкерчилигин президент К.Бакиев өз мойнуна алды, бирок анын укуктук негизи кандай деген суроону койду.

- Президент кадам жасады, өзүнө жоопкерчиликти алды. Бирок ошол укуктуубу же укуктуу эмеспи? Эгер болбой эле көгөрүп, мыйзам бузулса-бузулбаса да, оюма келгенди өткөрөм десе, бул анын чечими болот.

Бир ай мурун камылгасы көрүлүп жаткан референдумдун жыйынтыгы кандай чыгарын азыртан болжош кыйын. Саясий аң-сезими кадыресе көтөрүлүп калган калк кезектеги конституциялык реформаны колдойбу-колдобойбу – бул да өзүнчө чоң суроо.

 

XS
SM
MD
LG