Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:16

ЭКИ СУРОО – БИР РЕФЕРЕНДУМ


21-октябрга белгиленген референдум өтөле созулуп конституциялык реформанын айланасындагы талаш-тартышка соңку чекитти коюшу керек эле. Бирок да апыл-тапыл референдум күүсү менен эки жарым жылдан бери Кыргызстанды ары-сүр – бери-сүр кылып келаткан саясий талаш-тартыштардын сээли сууйт деп айтыш да кыйын. Күчтүү президенттик, өз алдынча өкмөт, кабелтең парламент, көз карандысыз сот бийлигинин калыптанышына жаңыланчу Башмыйзам жооп бере алабы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбековдун пикиринде, 21-октябрга референдумга коюлуп жаткан Башмыйзамдын жаңы редакциясы эчен ирет талкуудан өтүп, көпчүлүккө тааныш болуп калган.

- Бир жылдан бери эле элдин баарына белгилүү. Бу Конституция кандай болуш керек, кандай мүчүлүштүктөр кеткен, тиги-бу маселелер боюнча көп эле талкуулар болуп келбедиби. Ошондуктан мен ойлойм, эл деле буга даяр болуш керек. Көп деле өзгөрүүлөр жоктугун биз деле окуп чыгып көрдүк.

Ал эми парламент депутаты Өмүрбек Текебаев жаңы бийлик Башмыйзам реформасынын шылтоосу менен көпчүлүккө бейтааныш, капка катылган «шибегени» референдумга алып чыгууда, дейт. Себеп дегенде, бир ай аралыгында мындан аркы өлкө тагдырын аныктачу маанилүү эки укуктук документ менен толук таанышып чыгуу кыйын.

- Бул жанагы «кот в мешке» деген эле сөз.

Конституция реформасы кечээ-бүгүн эмес, 1993-жылкы Башмыйзам кабыл алынгандан аз өтпөй эле калкып чыккан. А кездеги президент А.Акаев мамлекет башчысына ыйгарылчу бийликтин кыйласын парламент тартып алганын айтып, жыл айланбай жаңы реформаны баштаган. Удаама-удаа өткөрүлгөн акаевдик реформалар башында дурус дегидей чектелген бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмак катышты президентке оодарып, анын жыйынтыгы өлкөдөгү экономикалык-саясий реформалардын жайлашына, сырттан келчү инвестициялардын азайышына, коррупциянын чайлап-коолап кетишине алып келди. 2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашуусун камсыз кылган ыңкылапчылардын элге берген убадасы оболу А.Акаев бийлигинин кысымы, көбүнесе «Алга, Кыргызстан» партиясынан куралган парламентти таратуу болчу. Бирок ал жасалган жок. Анын чоо-жайын саясат таануучу Бакыт Бешимов мындайча белгилейт.

- Бийликтер революциядан кийин тараткандын ордуна сактап калды. Таратса деле болмок, шарт деле бар эле. Талап койгон жалпы эл ал ишке ашпай калганын түшүнүп калды. Убакыт өткөндөн кийин ал маселе оорлошуп кетти.

Иши кылып, кийинки эки жылдагы Кыргызстандагы жаалынан жанбаган саясий талаш-тирештин баары биригип келип эле конституциялык реформага, түпкүлүгүндө бийлик кимдин же кимдердин колуна топтолот суроосуна такалып жатты. Эмнеликтен эгемендик жылдарындагы жалгыз маселе Конституцияга байланып калышын саясат таануучу Зайнидин Курманов улуттук интеллигенциянын бечелдигине, саясий көрөгөчтүгүнүн жоктугуна байланыштуу түшүндүрөт.

- Эки жыл ичинде мен бир нерсени – Конституция жаратканды кыргыз саясатчылары билбестигин түшүндүм. Ал эми эксперттерге ишенбейт экен. Көрүп жатасыз го, мыйзамдардын деле кереги жок экен. Телефон болсо болду, бардык жумуштар чечилет.

Ушул эле ойду улаган Бакыт Бешимовдун айтуусунда, Кыргызстан башынан кечирип жаткан азыркы арасат саясий жагдайдын чыгышына жалгыз бийлик эмес, анын каршылаштары, коомдун өзү себепкер.

- Жалпы эл биз кайсы багытты карай кетип баратканыбызды так билбейт. Тилекке каршы, стратегиясы жок бийлик да билбейт, оппозиция да ошондой абалда.

Конституциялык реформа туңгуюкка такалган чакта президент К.Бакиевдин жоопкерчиликти мойнуна алып Башмыйзамдын жаңы редакциясына кошуп Шайлоо кодексин жалпы элдик референдумга алып чыгышы, депутат Темир Сариевдин пикиринде, талашка чекит койбойт.

- Эң негизгиси, президент аягына келгенде мен Конституциялык реформага чекит коем деди эле. Бирок, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алсак, бул чекит коюлбайт. Кайра чоң талаш-тартышка алып келет. Быйыл болбосо эмдиги жылы, эмдиги жылы болбосо эки-үч жылдан кийин.

Айрым адистердин айтуусунда, жаңыланчу Конституция референдум алдында оппозициянын катаң сынына кабылары турулуу иш. Кийинки эки жылдан бери реформа жүргүзүү демилгесин оппозиция бийликтен озунуп көтөрүп келген. Бирок да бул ирет демилге бийликке тийип, ортодогу талаш кызыгандан-кызып баратат.
XS
SM
MD
LG