Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

РЕФЕРЕНДУМ ЧЫРДЫ ЫРБАТАБЫ?


24-сентябрда жарандык коом менен саясий партиялардын өкүлдөрү 21-октябрга белгиленген жалпы элдик референдум жана ага коюлуп жаткан Баш мыйзамдын долбоорун талкууга алышты. Жыйындын соңунда атайын резолюция кабыл алынып, анда референдумдун мөөнөтү узартылышы жана саясий партиялар менен жарандык коомдун сунуштары эске алынышы керектиги баса белгиленди. Катышуучулар референдумга К.Бакиев сунуштап жаткан баш мыйзамдын долбоорунда президент эбегейсиз ыйгарым укуктарга ээ болуп калганын айтып сынга алышты. Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн пикиринде референдумга шылтоолоп кайсы бир саясий топ бийликке келүүнүн арга-амалын издеп жатат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү менен саясий партиялардын лидерлери катышкан коомдук форумдун катышуучулары кабыл алынган резолюцияны чукул арада массалык маалымат каражаттары аркылуу таркатышмакчы. Алар жалпысынан элдик референдумдун мөөнөтү өтө чукул белгиленип калганын жана сунушталып жаткан баш мыйзамдын долбоорунда президенттин колуна эски Акаевдин доорундагыдай эле ченемсиз бийлик калып кала турганын эскертишти. Мукар Чолпонбаев, Темир Сариев өңдүү саясатчылар президент референдумга коюлуп жаткан баш мыйзам менен кааласа бир заматта диктаторго айланып каларын баса белгилешти. “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, президент учурда эч кимдин пикирин эске албай калды:

- Менин пикириде президентти эл шайлагандан кийин ошол элдин талкуусу, элден чыккан жарандык коомдун оюу менен эсептешип туруп алып чыгышы керек эле. Мына ошонун бирөө да болгон жок. Президент бардыгын түртүп таштап туруп, конституциялык сот менен жең алдынан сүйлөшүп алып, бардыгын алдырып таштап, өзүнүкүн гана болот деп жатат. Бул деген баягы эле эски больевиктик же КПССке окшогон же тоталитардык системанын белгиси болуп саналат.

Ал эми экс-депутат, “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын жетекчилеринин бири Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, азыркы тапта баш мыйзамды референдумга алып чыгууга жол берген бир дагы мыйзам актылары жок:

- Биринчиден бул маселенин өзүн референдумга алып чыгуу туура эмес. Референдумга алып чыгууга бүгүнкү күндө бир дагы мыйзамдык актылар жок. Мөөнөтү боюнча бир дагы мыйзам актылары бир айдын ичинде эч качан бирөөлөр тарабынан каралышы мүмкүн эмес, каралбайт дагы. Ошондуктан бул, каалайсыңбы же каалабайсыңбы баарыбир кабыл алынат деген сөз.

“Эл ынтымагы” партиясынын төрайымы Роза Акназарова, референдумдан мурда баш мыйзам оболу элдин, парламенттин кеңири талкуусуна коюлса болмок деген ойдо:

- Биринчи референдумга коюлардан мурда элдин, саясий партиялардын, депутаттардын ойлору камтылса абдан жакшы, легитимдүү конституция болот эле.

Бийлик өкүлдөрү референдум мыйзам чегинде белгиленгенин, ага коюлуп жаткан баш мыйзамдын долбоору кыйла прогрессивдүү экендигин айтып жатышат. Адилет министри Марат Кайыповдун айтымында, референдумга каршы чыккандар өз кызыкчылыктарын көздөп жатышат жана өлкөдөгү реформаларды эртелеткендин ордуна бут тосушууда:

- Сөздүн ачыгы мындай да. Бул форумда кабыл алынган чечимдер жана сунуштар эми "президентти реформаларды кечеңдетсин" деген талаптар деп эсептейм. Буга чейин президентти сындап келишти эле, “реформага барбайт, Акаевдик конституциясы менен жашагысы келип атат” деп. Былтыр ноябрь айында көчөгө чыгышты эле ошентип. А мен айтар элем, былтыр эгер элди көчөгө алып чыгып, президентти жарга такабаса, былтыр эле референдум болмок. Себеби президент бизге тапшырма берген, биз 2006-жылы элди даярдаганбыз, элди бийликтин башкаруу формалары менен тааныштырганбыз, конституциялык реформага эл даяр болчу. Мындайча айтканда булар баш мыйзамды шылтоо кылып алышкан. А негизги максаттары бийликке келүү, азыркы бийликти каралоо, ушинтип саясий упай топтоо.

Ошондой эле Марат Кайыповдун айтымында референдумга сунушталып жаткан баш мыйзамдын долбоору кыйла прогрессивдүү:

- Буга чейин президент Акаев партияларга уруксат бербей койгон. Азыр парламент 100 пайыз саясий партиялар аркылуу курулган атпайбы. Саясий партиялар ушинтип шайлоого катышкандан кийин, сөзсүз түрдө саясий оппозиция пайда болот. Бул – демократиянын туу чокусу.

XS
SM
MD
LG