Депутаттар Клара Кабиловага кычык суроолорду берип көп кыйнашкан жок. Суроо бергендер негизинен талапкердин буга чейинки эмгек жолуна токтолуп, анын иш-тажрыйбасы Боршайкомдун ишин алып кетүүгө жетиштүү деп белгилешип, ийгилик каалашты.
Клара Кабилова 1963-жылы Ташкөмүр шаарында туулган. Кыргыз. Саясий илимдердин кандидаты. Буга чейин комсомолдук уюмдарда, дипломатиялык мекемелерде иштеп такшалган. Ал КМШ Экономикалык Кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиянын өкүлчүлүгүндө, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде саясий маселелер боюнча кеңешчи болуп иштеген. К. Кабилова ошондой эле Абхазиядагы конфликтти жөнгө салуу боюнча КМШнын убактылуу түзүлгөн оперативдүү жумушчу тобун жетектеп да кызмат кылган. Соңку жылдары Кыргызстанда Президент К. Бакиевдин басма сөз катчысы, Президент алдындагы стратегиялык изилдөөлөр боюнча институттун директору болуп иштеп келген.