-21-октябрда Кыргызстанда референдум өткөнү турат. Референдум калыс өтөөрүнө, анда Баш мыйзамдын жаны долбоору колдоо табаарына ишенесизби?
-Бардыгын биз таразага салышыбыз керек. Эл тараза. Элди эч нерсе билбейт, түшүнбөйт, элди алдап коюш керек дегендерге мен ишенбейм. Элдин бийиктигине, эл бийликтин эң жогорку булагы экендигине мен толук ишенем. Ошол демократиянын идеясы. Эгер биз демократияга ишенсек, албетте, биз элге коюшубуз керек.
- Социал-демократтар партиясы президент тарабынан сунушталган Баш мыйзамдын долбоорун жактай турганын жарыялады. Бирок ошол эле учурда бул долбоорго бир топ сын-пикирлер айтылып жатат. Мисалы, президент авторитардык бийликке ыктап атат дегендей. Сиз ушул сын-пикирге кандай карайсыз?
-Албетте, биз сын-пикирлерди билебиз. Биз сынга алчу канча жактары белгилүү, бизге деле көп нерселер жакпайт. Бирок биз бардыгын таразага салгандан кийин, бул Конституция долбоору баары бир кандай болсо дагы жактай турчу жактары, колдой турчу беренелери көбүрөөк болгону бизге белгилүү. Мунун бардыгына биз чекит коюшубуз керек. Болбой эле талаша берсек, токтобойт.
Ошондуктан элдин бейпилдиги, биримдиги үчүн жалпы ушул саясатты кайра эле Конституциянын эле тегерегинде эмес, мисалы билим берүү, саламаттыкты сактоодо канча деген проблемалар турат, ошолорду чечүү жагына өтүү керек. Биз ошонун бардыгын унутуп коюп Конституция деп эле жатып калдык. Ошондуктан бул идеалдуу документ эмес, бирок ушуну алып калсак эле демократия жокко чыгат, авторитардык өлкө орнойт дегенге биз ишенбейбиз.
- Алдыдагы референдум ошол талаш-тартыштарга чекит коет деп айтсак болобу?
- Биз жакшылыктан үмүт кылышыбыз керек. Конституциялык реформа 2-3-жылдан бери, Акаевдин учурунан алсак 5-6 жылдан бери уланып келатат. Биз саясий деңгээлде туура көрүшүбүз керек. Парламенттик республиканы биз кура албайбыз. Курсак дагы парламент жетектеген өлкөдө абал аябай эле опурталдуу, ошолор тарабынан авторитардык бийлик орношу мүмкүн. Ошондуктан биз азыр саясий деңгээлибизди туура баалап, канча активдүү болсок, өзгөчө саясий партиялар эл менен тыгыз байланышта иштей алсак, ошончо элдин бийлиги бизде орнойт.
- Мына президент өзүнүн партиясын түзөөрүн жарыялады. Ушундан улам коомчулукта Кыргызстан да Казакстандын жолуна түшөт деген чочулоолор да жок эмес. Ошондой болушу мүмкүнбү Кыргызстанда дагы?
- Андай сөздөргө негиз жок. Анткени, кыргыз эли өзүнүн азаттыкка, эркиндикке, демократияга болгон сүйүүсүн далилдеп келди. Ошондо “Алга Кыргызстан” аркылуу башкарам деген үй-бүлө 24-мартта Кыргызстандан качып кеткен. Ошондуктан андай сөздөргө негиз жок. Бизде күчтүү саясий партиялар, сөз эркиндиги сакталып калыш керек. Ошон үчүн биздин элибиз күрөшөт. Бул күрөштүн алдында биздин СДП партиясы болот.
- Маегиңизге ырахмат.