Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: КОНСТИТУЦИЯ ЭЛ ТАРАЗАСЫНА КОЮЛГАНЫ ТУУРА БОЛДУ


Референдумдун мыйзамдуу жагдайлары, сот бийлигинин ыйгарым укуктары Жогорку Cотту канааттандырабы? Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү кимдер? Күйөөсүн өлтүрткөн судяга кандай жаза колдонулду? Мындан сырткары өлүм жазасына кеткендердин, айрым өздөрүн күнөөлүү эмес деп эсептегендердин арыздарына Жогорку Cоттун мамилеси кандай болот? Дооронбек Садырбаев түзгөн комиссия Аксы окуясынын күнөкөрлөрү деп Акаев, Бакиев жана Осмонов сыяктуу чиновниктердин ыйгарым укуктарынан ажыратып, сот жообуна тартыш керек деген төраганын жообу кандай? Бакиев кетмейинче “Матриешка” окуясы ачылбайбы? Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун «Азаттык» үналгысына берген маегинде мына ушул маселелер козголду.

- Сот адилеттүү, көз карандысыз болуш керек деп айтып кетпедиңизби. Мына соңку жылдар көрсөтүп атат, Куловдун же Тургуналиевдин, же ушундай бир саясатчылардын камалышында, алардын айыпка тартылышында сот мыйзамдуу чечимдерди чыгарбай, саясий буйруктарды аткарып атат деген пикирлер бар. Буга кандай жооп айтат элеңиз?

-Бул мыйзам ченемдүү суроо. Соттор дагы саясий системанын бир рычагы, бир инструменти катары деп айтсак болот. Саясий жагы жок деп айтууга болбойт. Бирок көбүнесе укуктук нормаларга даяр чыгарылган чечимдер болот. Анткени Кулов, Тургуналиевдердин иштери соттун өз демилгеси менен эмес, мамлекеттин жана айыптоочу, көзөмөлдөөчү прокуратура органынын киргизген сунушуна ылайык каралган.

- Аксы боюнча Дооронбек Садырбаев жетектеген комиссия Акаевди, Бакиевди, Осомновду жоопкерчиликке тартыш керек деген сунуш киргизди. Аларды ыйгарым укуктарынан ажыратууну талап кылган маселе көтөрдү.

- Күнөлүүлөрдү таап, аларды жоопко тартып, сотко чейин жеткириш бул тергөө, укук коргоо органдарынын милдети. Дооронбек акебиз болсо баарыбызды жоопко тартыш керек дейт. Мейли бизге мамлекеттик чиновниктер катары кандайдыр бир ич күптүсү болсун дейли. Ал эми 41 кишинин ичинде 8 журналист бар экен. Аларды эмнеге жоопко тартып атат. Эгер Аксы окуясында бийлик органдарында иштеп жүргөн кызмат адамдарынын күнөөсү бар деп таба турган болсок, моралдык-нравалык жагынан мүмкүн бардык мамлекеттик органдардын күнөөсү бардыр. Анын ичинде парламенттин дагы, ошол кезде Дооронбек аке деле депутат болчу, бир палатада бирге иштечүбүз. Андай болсо моралдык күнөө ал кишиде да бар деп айтканга болот да.

-Жакында башкы прокурор келгенде айтты, Аксы окуясы боюнча бир топ иштер сотторго өттү деп?

-Бир топ иштер эмес, бир эле иш каралды. 4 адамга айып коюлган.

- Аксы окуясы сыяктуу эле “Матрешка” деген окуя чыкпадыбы. Сот Бакиевдин кызыкчылыгына чечип койду, себеби анын агасы президент, бул Бакиевдин эле колунан келди деген кинелер болууда.

- Бул маселенин келип чыгышы мындай, Жогорку Кеңеш ошол Матрешка гейт чатагы боюнча бир нече күн талкуулап, мындай токтом кабыл алган. Ошол мезгилдеги Улуттук коопсуздук комитинин төрагасынын орунбасары Жаныбек Салиевич Бакиевге ушул “Матрешкагейтти” уюштурган адам катары Баш прокуратура иш козгоп, аны жоопко тартсын деген токтом чыгарган. Ошол токтомду мыйзамсыз деп жокко чыгарууну талап кылып жаран катары Жаныбек Бакиев сотко кайрылган.

- Текебаев, “Матрешка” окуясы азыркы Бакиевдин бийлиги турганда эч качан ачыкка чыкпайт, сот адилеттиги да болбой, качан гана бийлик алмашканда ачыкка чыгышы мүмкүн дейт?

- Аналогиялык салыштырма менен айтып кетким келет. Аксы окуясын деле Акаев кетмейин ачылбайт дешчү эле. Мына Акаев кетти, аксылыктардын көксүгү дагы эле суубай келет. Азыр деле ачса болот да ошол окуяны. Кыргызстандын жараны, атуулу катары айтайын, саясатчылар арасында интригалар болуп келген жана боло берет экен. Мага ушундай ой кетип атат. Ушундай уюткулуу кыргыз эли болуп туруп өтө майдаланып, кекчилдикке жол берип койгондой сезим калтырып атат. Бул Кыргызстандын келечеги үчүн дагы жакшы көрүнүш эмес деп айткым келет. Көз жуумп, билмексен, көрмөксөн болуп койгонубуз да туура эмес. Мына кийинки убактарда түштүк-түндүк болуп бөлүнүү тенденциясы да күчөп баратат. Ушул дагы мени Кыргызстандын жараны катары тынчсыздандырбай койбойт.

-Жакында боло турган референдумдун мыйзамдуу жактары кандай. Сиз ушул референдумга Жогорку Cоттун төрагасы катары макулсузбу?

-Рефендум бул элдин оюн билиш үчүн өткөрүлүүчү чоң иш деп айтсак болот. Мурдагы дагы, азыркы дагы Конституциялар боюнча алып карасак долбоорго да кирип атат. Мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп эл эсептелет. Ал эми Баш мыйзамыбыз болсо бул мамлекеттик, албетте, маанилүү маселе. Конституциялык принциптерге таянып элдин калыс таразасына коюп берүү жөнүндө президенттин чечими менимче туура болду. Элдин арасында көрөңгөсү терең, билимдүү, интеллигенттүү, жан дүйнөсү, акыл-эси менен ушул маселени туя билген адамдарыбыз көп.

-Соңку жылдары буюртма жолу менен адам өлтүргөндөрдүн катары көбөйүп кетти. Ушундай оор кылмыштардын бети ачылдыбы, бир иш Жогорку сотко жеттиби?

-Cоңку жылдары буюртма адам өлтүрүү фактысы көбөйгөндүгү бул чын. Анын ичинде саясий ишмерлер, депутаттар да, бизнесмендер да, криминалга аралашып жүргөн адамдар да бар экен. Алардын ичинде менин да жакын тууганым Уран Алиевди да былтыр атып кетишкен. Стабилдүү эмес болуп турган абалдан пайдаланып, криминалдык элементтер дагы баш көтөрүп, ошолор аркылуу мүмкүн айрым саясатчылар буюртма жазатып атабы, кайсы фактылардын бети ачылып, кайсылардын бети ачылбай, сотко жетпей келе жатат, мен бул суроого жооп бере албайм. Анткени ушундай кылмыштардын бетин ачып, аны тергеп, аны сотко өткөрүш бул прокуратура органы көзөмөл кылган укук коргоо жана тергөө органдарынын иши.

- Баткен облусунан бир судья аял өзүнүн күйөөсүн өлтүрүп койду деп гезитке чыкты эле. Иликтеп көргөндө жок бул жалган экен деген да адвокаттар табылды. Сотторго да жаза колдонулабы?

- Соттордун кол тийбестигинин азабынан жоопко тартылбай жатат деп атышат. Мурдагы Конституция боюнча Конституциялык Соттун макулдугу менен жергиликтүү соттун судьясын жоопко тартуу мүмкүн эле. Конституциялык Сот бир нече айдан кийин макулдук бергенден кийин Баткен облустук соттун төрагасынын орунбасары болгон Нукеева деген дароо камакка алынып, кылмыш иши сотко өтүп, каралып, эң жогорку жазасын алды, 20 жылга эркинен ажыратылды.

-Жакында “Азаттыктын” кабарчысы катары өлүм жазасына кеткен адамдар отруган түрмөнүн жертөлөсүндө болуп, ошол жердеги өлүм жазасына кеткендер менен баарлашып кайттык. Мындай айтканда азыр эми өлүм жазасы алынды, ушул отурган адамдардын 30 пайызы ак жерден отурат деген коомдук пикирлер бар жана ошондой эле алардын айрымдары өздөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Жазган арыздары Жогорку Cотко жана башкы прокурорго жетпей жатканын белгилеп, пара сурабай, адам тагдырына кызыккан соттордун арасынан бир азамат чыгабы деп суроо салып атышат?



Cүрөттө: Өлүм жазасына өкүм чыккан, бирок өзүн күнөөсүз деп эсептеп, ишин кайра иликтеп тергеп чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылгандардын бири, милициянын мурдагы полковниги Таалайбек Бейшембиев.

- Кылмыш- жаза саясатын либералдаштыруу, кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү, гумандаштыруу боюнча 3-июлда парламент кабыл алган, президент кол койгон кодексте маселе коюлган. Жогорку Сот 3-июлдагы мыйзам боюнча 6 айдын ичинде өлүм жазасы колдонулган иштердин баарын карап чыгыш керек, прокурордун сунушу боюнча, же соттолгон адамдардын, алардын адвокаттарынын арызы боюнча карап чыгыш керек. Бул мыйзамдар боюнча анын күнөөсү бар, же жок экендиги бул жерде каралбайт. Мыйзам өзгөргөнүнө байланыштуу, жеңилдетилген жазаны карагандыгына байланыштуу бул иштердин баарысы Жогорку Сотто каралууга тийиш. Алар кылмыштарга биздин күнөөбүз жок дей турган болсо, анда прокуратурага кайрылыш керек, прокуратура сунуш менен бизге чыгыш керек. Ошолордун ыйгарым укугуна кирет. Мен өлүм жазасына буйрулган адамдарды, алардын санын, алар кайсы жерде, кандай шартта отурганын мурдагы адилет министри катары да жакшы билем. Бул маселе бардык мамлекеттик органдардын, керек болсо мамлекет башчыбыз президенттин дагы көзөмөлүндө болот го деген ойдомун.


Маектешкен Жаркын Темирбаева

XS
SM
MD
LG