Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

Кабулда жанкечти өзү менен кошо автобусту жардырып, отуздан ашуун киши көз жумду


Кабулда бүгүн эртең менен униформа кийген жан кечти ооган армиясынын аскерлери отурган автобусту жардырып, 30га жакын киши каза тапты.
- Тилекке каршы жардыруудан 27 киши шейит кетти, 21 киши жараат алды. Курман болгондордун арасында карапайым адамдар да бар. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен, кол салууну айыптайбыз, - деди "Азаттыктын" ооган кызматына Ооганстандын коргоо министрлигинин маалымат катчысы генерал Мохаммад Захир Азими. Президент Хамид Карзай жардыруудан кийин жасаган билдирүүсүндө, терроризмге каршы күрөштү күчөтүү керектигин белгиледи. Талип согушкерлери теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышты. Ассошейтед пресстин маалыматына ылайык, быйыл козголоңчулардын кол салууларынан Ооганстанда 4 жарым миңден ашуун адам ажал тапты.

XS
SM
MD
LG