Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:37

БАЛЫКЧЫ: ДЕПУТАТТЫК МАНДАТ ҮЧҮН КҮРӨШ


Рита Борбукеева, Каракол Бүгүн № 69 Балыкчы шайлоо чөлкөмүндө Жогорку Кеңешке депутат болчу адам аныкталат. Ал үчүн 26 жерде шайлоо жүрүп жатат.

№ 69 Балыкчы шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңешке депутаттыкка жыйырма жетиден элүү жети жашка чейинки он эки талапкер ат салышууда. Шайлоо 26 жерде эртең мененки саат сегизде башталды. Аймактык шайлоо комиссиялары менен байкоочулардын айтуусунда бул саясий өнөктүк дем алыш күнгө туш болгондуктан шайлоочулар түштөн кийинки убакытты күтүп жатышат. Мисалы, Балыкчы шаарындагы № 14 шайлоо участкасында 1019 шайлоочу болсо, түшкө чейин анын 274 гана шайлоочу келген.

- Шайлоого аз келип жатышат. Миңден ашык адам келе турган болсо, саат бирге чейин 270дей гана адам келди, - дейт Токмок шаарындагы « Цианиз» деп аталган коомдук уюмдан келген Гүлнара аттуу байкоочу.

Ал эми сыртта үч, төрт жерге топтолуп турган адамдарга кайрылганыбызда алар жөн эле чогулуп алып киребиз дешет.

- Жөн эле чогулуп турабыз, чогуу киребиз. Мен шайлоодон калбайм. Шайлоонун деле кызыкчылыгы болбой калды го, - дейт шайлоо участкасына келип бирок, баракча салсамбы же салбай эле койсомбу деп эки анжы ойдо турушкан Калыбек менен Урмат.

Ошондой эле дагы бир тургун төмөндөгүдөй пикирин айтат:

- Балыкчынын шайлоосу кандуу шайлоо болуп калды. Эки депутат болду эле. Экөөнү тең алып салды. Эми үчүнчүсүн билбейм, кудай сактасын. Кимиси өтсө дагы Балыкчыны ойлогон адам болсун,- дейт № 14 шайлоо участкасынын шайлоочусу Турат аттуу жигит.

Ал эми жаштар болсо бул ирет шайлоо таза өтүп жатканын белгилеп, бирок, экинчи айлампада эле добуш тартууга өтүп кетпесе эле деп боолголошот:

- Мурунку шайлоолордо кирип баратканда акча берүү же ар кандай башка нерселер болчу. Бул шайлоодо андай көрүнүштөрдү байкаган жокпуз. Таза өтүп жатат деп ойлоп жатабыз. Анткени текшерүү иштери таза болду. Адамдардын баары билип калды бүгүн акча берсе, эртеңки күнү карабай кетет деп, элдер түшүнүп калды,- дейт Марат.

Бирок, Балыкчылык Улан Узакбаевди жаштар шайлоого активдүү катышууга бел байлаганы менен паспортторунун бериле электиги алардын укугун чектеп жатканын Мамбеткул Муса уулу мындайча тастыктады:

- Бул кыз былтыр паспорт ала турган убакта паспорт бербей койгон. Паспорт жок деген шылтоо менен. Убактылуу справка менен жүрөт. Азыр шайлоого киргизбей жатат. Адам укугун тебелебей өзүлөрүнүн берген убактылуу документи менен шайлоого киргизиш керек,- дейт Мамбеткул Муса уулу.

Шайлоочунун мындай нааразычылыгына округдук комиссиянын мүчөсү Кайыркүл Түзөмбаева төмөндөгүдөй жооп берди.

- Паспорту жок эгерде тизмеде болсо эркектердин аскердик билеттери болуп калса болот,- дейт Кайыркүл Түзөмбаева.

Ал эми добуш сатып алуу боюнча талапкер Кадыровдун үгүт кызматкерлери 29-сентябрда элге акча берип жатканы боюнча тоголок арыз түшкөн. Аны шайлоо комиссиянын төрагасы Бакас Айсултанов укук коргоо органдарына жөнөткөнүн билдирди. Ошентип, № 69 Балыкчы шайлоо округу боюнча Ортотокой участкасы түшкө чейинки шайлоого 50 пайызы катышып, алдыда келе жатат. Шайлоо учурунда 26 участкага бирден милиция жана аскер кызматта жүргөн бирден жаш балдар турат. Эки талапкердикинен башка он талапкердин ондон байкоочу жана ишенимдүү адамдары көз салууда.

Жалпы шайлоонун жүрүшү тууралуу боюнча комиссиянын төрагасы Бакас Айсултанов буларды билдирди.

- № 69 Балыкчы шайлоо округу боюнча саат он алтыга 10509 шайлоочу шайлады. Бул бардык шайлоочулардын 35 пайызын түзөт. Бардык шайлоочу 30217 адам,- дейт комиссиянын төрагасы Бакас Айсултанов.

XS
SM
MD
LG