Өзөктүк программага байланышкан талаш-тартышты Иран менен МАГАТЭ ортосундагы макулдашуу гана жөнгө сала алат деп айтылат билдирүүдө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Иранга каршы катаал санкция киргизүүнү утурлай турууну эп көрүүдө. МАГАТЭ Иранга байланыштуу ноябрда маалымат берери күтүлүүдө.