Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:19

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ-УКУКТУК ЧАҢ-ТОПОЛОҢДО КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН САЛЫМЫ ЧОҢ


(2-октябрда Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасы)

Урматтуу депутаттар!
Урматтуу мекендештер!



Бүгүнкү күндө Кыргызстан эң маанилүү учурларды баштан кечирүүдө. Биз азыр олуттуу саясий өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз, ошол эле учурда кээ бир адамдардын жана бийлик бутактарынын кызыкчылыктарын көздөп, биз өзүбүз татаал саясий кырдаалды жасалма түрдө түзүп жатабыз. Өлкөдө азыр болуп жаткандарга баарыбыз күнөөлүү болбогондо, ким күнөөлүү? Кашайган кайдыгерлик жана саясий чабалдык өзүнүн жүзүн эми көрсөтүп отурат. Өлкөдө жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүндөгү абал өтө оор, татаал бойдон калууда. Бул төмөндөгүдөй бир катар себептер менен шартталып отурат:

-калктын жарды-жармач катмарлары үчүн башка тейлөөлөр жөнүндө айтпаганда да, азык-түлүккө, эң керектүү товарларга баанын кол жеткистей өсүшү;
-бюджетте отургандардын эмгек акысынын, пенсиялардын өтө төмөндүгү;
-азык-түлүк коопсуздугунун жоктугу;
-азык-түлүк товарларына жана башкаларга баанын көп эселеп жогорулашынан калкты социалдык жактан коргоо программасын Өкмөттүн кароого даярсыздыгы.

Бүткүл цивилизациялык дүйнөдө мамлекеттин негизги мыйзамын – Конституцияны эч ким талашып-тартышпайт. Аны так аткарышат, эч убакта аны айрым бир адамдын пайдасына кайра бычмалап, ылайыктоо эч кимдин оюуна келбейт. Ал эми бизде болсо 17 жылдын ичинде Конституциялык соттун жардамы менен Конституциянын өзү Президенттин пайдасын көздөп улам жокко чыгарылып жатат.
Конституцияны бузуп, бурмалоону Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти А. Акаев Конституциялык соттун колдоосу менен 1994-жылы эле баштаган.

А.Акаев 1993-жылдагы Конституциянын 1-статьясынын
5-пунктун, 46, 96-статьяларын одоно бузган. Ал эми бул статьяларда Конституциялык түзөтүүлөрдү референдумга алып чыгып, Конституциянын ченемдерин референдум аркылуу өзгөртүү боюнча Президенттин ыйгарым укуктары каралган эмес эле.
1993-жылкы редакцияда Конституциянын 96-статьясына ылайык Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү Жогорку Кеңеш тарабынан гана кабыл алына тургандыгы белгиленген эле.

А. Акаев мамлекеттик бийликти узурпациялоо ниетин токтотпой, 1996-жана 1998-жылдары референдум аркылуу ушундай эле жалпы элдик референдумдарды өткөрүп, ар бир референдум Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолордун конституциялуулугу жөнүндө Конституциялык соттун корутундусу менен коштолгон болчу.

Мисалы, Конституциялык сот өзүнүн 1995-жылдын
9-ноябрындагы чечими менен «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Президент А. Акаевдин 1995-жылдын 4-сентябрында жана 1995-жылдын 6-ноябрында киргизген мыйзам долбоорлоруна иш жүзүндө корутунду бербестен, мыйзамдын долбоорун өзгөртүп, статьяларын жаңы жоболор менен толуктап, таптакыр жаңы долбоорду берген (салыштырма таблицаны караңыз). Ошентип Конституциялык сот өзүнүн ыйгарым укуктарынан көз көрүнө аша чапкан. Мурдагы Конституциялардын 96-статьясына ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жалпы элдик референдум аркылуу киргизүүдө Конституциялык соттун корутундусу каралган эмес. Мындай жобо Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизүү Жогорку Кеңеште каралган учурларда гана колдонулууга тийиш эле. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту сунуштамада же өтүнүчтө козголгон предмет боюнча конституциялуугу күнөм туудурган ченемдик акты боюнча гана укук маселелерин белгилейт жана чечет, акты чыгарат. Конституциялык сот өзгөртүүгө же толуктоого, болгондо да долбоорду өзгөртүүгө жана толуктоо укугу жок.

Конституциялык соттун жактыруусунун натыйжасында Президент А. Акаев 1993-жылдагы Конституцияга салыштырганда 1998-жылдагы Конституцияда кошумча 15 ыйгарым укукка ээ болуп калган. Анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысын дайындайт, анын статусун жана ыйгарым укуктарын аныктайт; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын түзөт;
2) Өкмөттүн курамына кирбеген аткаруу органдарын түзөт жана жоет;
3) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин жана башка координациялык органдарды түзөт жана жетектейт;
4) Премьер-министр менен кеңешүү аркылуу мамлекеттик бюджеттин эсебинде турган органдар үчүн кадрларды даярдоонун жана тандоонун, мамлекеттик органдарды финансылоонун жана мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасын түзөт;
5) Областтардын, Бишкек шаарынын, райондордун, шаарлардын сотторунун, областтардын жана Бишкек шаарынын арбитраждык сотторунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун төрагалырын, алардын орун басарларын, судьяларын дайындайт жана Конституцияда жана мыйзамдарда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот;
6) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасын жана анын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин дайындайт;
7) Эсептөө палатасынын төрагасын жана анын аудиторлорунун үчтөн бирин дайындайт жана башкалар.

Ал тургай, 1994-жылдагы Президенттин ыйгарым укуктары кошумчаланган референдумда Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, бирок анда «Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу» түшүнүгү жок экендигине карабастан, 2003-жылы референдум жолу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынган. Ал эми Конституциянын 1-статьясынын 5-пунктунда жана 46 жана 96-статьяларында Конституцияны өзгөртүүнүн мүмкүн болгон баардык жолдору так чагылдырылган эле. Ага карабастан Конституциялык сот бул редакцияга да өзүнүн жактырган корутундусун берген.

Урматтуу депутаттар жана мекендештер!

Конституциялык соттун 1998-жылдын 13-июнундагы чечимине ылайык А. Акаев иш жүзүндө үчүнчү мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгү иш жүзүндө мыйзамдаштырылып, бул колдонуудагы баардык мыйзамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамына – Конституцияга жана 1993-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамга карама-каршы келгендиги сиздердин баардыгыныздарга белгилүү.

Бул Мыйзамдын 3-статьясында мындай деп турат:
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы күчүнө кирген күндөн тартып, Кыргызстан Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти болуп калат жана ушул Конституцияда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жалпы эл тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган күндөн тартып эсептелет».

Президент А. Акаев биринчи жолу 1991-жылы 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 31-августундагы № 577-ХП токтому менен дайындалган шайлоодо жалпы эл тарабынан шайланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын мурдагы Төрагасы А. Матубраимовдун арызына карата Ч.Т. Баекова төрагалык кылган Конституциялык сот тарабынан да Конституцияга каршы келген чечим чыгарылган. Сабатсыз жазылган, ал тургай абсурдуу деп айтууга негизи бар бул ченемдик документтердин текстин окуп берүүнүн өзү ыңгайсыз экен.

Өзүңүздөр байкап, баамдап көрүңүздөр. 1997-жылдын
27-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын Регламенти жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Конституциясынан да жогору болуп чыккан. Конституцияда Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйынынын төрагасы ээлеген кызмат ордунан депутаттарынын жалпы санынын кеминде 2/3 добушу менен бошотулушу мүмкүн деп дапдаана жазылып турат, ал эми ченемдик документтин өзүндө - Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын Регламентинде төмөнкүдөй жазылган: «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын төрагасын ротациялоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жүргүзүлөт».

Бул чечим менен: 1) Конституция түздөн-түз колдонулбай тургандыгы; 2) Конституция рангы боюнча КР ЖК ЭӨЖнын Регламентинен төмөндүгү; 3) катар номери кичине статья (12) катар номери чоң статьянын (60) алдында артыкчылыкка ээ болбой тургандыгы, бул толук өзүм билемдикке алып келе тургандыгы жарыяланган, ошентип Конституциялык сотко жаккан ар кандай чечим алына беришине жол ачылган.

Эгерде 2005-жылдагы март революциясы болуп өтпөсө, Конституциялык сот А. Акаевдин ыйгарым укуктарын белгисиз мөөнөткө узартууга дагы бир жолу ак батасын бермек эле. Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр Жыйынынын депутаты Б. Эркинбаевдин суроо-талабына Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр Жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин А. Акаев 2005-жылдын октябрындагы президенттик шайлоого талапкердигин коюуга укуктуу деп чыгарган чечими буга далил. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Д. Чотоновдун суроо-талабына Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети А. Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин кое албайт деп чечим чыгарган.
Кыргызстандын коомчулугунда А. Акаевдин дагы бир жолу шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө талаш-тартыштар пайда болгон. Ал тургай ар кайсы жерлердеги демилгелүү топтор А. Акаевдин ыйгарым укуктарын 2010-жылга чейин узартуу жөнүндө кол чогулта башташкан.

Мындай талаш-тартыштар кызуу жүрүп жаткан кезде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Д. Чотонов Конституциялык сотко «А. Акаев 2005-жылы октябрда талапкерлигин кое алабы?» деген суроосу менен кайрылган. Конституциялык сот депутат Д. Чотоновдун суроосун кабыл алып, Конституциялык сот өндүрүшүн козгоп, бул маселени караарын карап чыгып, бирок А. Акаевдин төртүнчү мөөнөткө талапкерлигин коюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим чыгара алган эмес. Ишти жөн гана 2004-жылдын 21-сентябрындагы аныктамасы менен кыскартып салган.

«Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы менен ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 10-апрелиндеги Мыйзамы боюнча, «Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-майындагы Мыйзамы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы иш жүзүндө 140 миң га жерге КЭРдин пайдасына өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Хан-Теңири чокусу үч мамлекет (Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Кытай) чектешкен эларалык жерге айланды. Бул мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки палатасы тарабынан жөнөкөй мыйзамды кабыл алуу жол жобосу – бир окуу аркылуу көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
2003-жылдын 28-февралындагы чечими менен жогорудагы мыйзамдарды кароодо мамлекеттик чегараны өзгөртүүгө байланышкан мыйзамды кароодогу өзгөчө жол жоболорду белгилеген Конституция ченемдери, башкача айтканда, Кыргыз Республикасыныны Конституциясынын (1993 жана
1998-жылдардагы редакцияларындагы) 59-статьясынын
1-пункту жана 65-статьясынын 6-пункту бузулган деп эсептеген Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттар тобунун сунушунан баш тарткан. Анда болсо, мамлекеттик чегараны өзгөртүү – бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки палатасынын компетенциясы экендиги, Кыргыз Республикасынын чегараларын өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңештин эки палатасы тарабынан кабыл алынып, кеминде эки окуудан кийин жана ар бир палатанын депутаттарынын жалпы санынын кеминде 2/3 добушу берилгенден кийин кабыл алына тургандыгы таасын жазылып турат. Натыйжада Кытайга эзелтеден берки баа жеткис 140 миң га кыргыз жери берилген.

Мындан тышкары, Конституциялык сот укук колдонуу тажрыйбасы боюнча өзүнүн чечими менен бир нече жолу Жогорку соттун, Арбитраждык соттун ишин токтотуп, анын аркасында көптөгөн жарандардын укуктарын бузган. (Мисалы, кызыкчылыктары сүрөөнгө алынган адамдар болгон «Химсинтез». Бул жашыруун деле эмес, ал жөнүндө көп айтылып, көп жазылган). Булар айрым гана мисалдар.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун «конституциялык» деп аталган чечимдеринин айрым кесепеттерине токтоло кеткибиз келет:
-Ар бир референдумдун баасы (1994, 1996, 1998, 2003-4 жолу) – ар бири 58 млн сом;
-Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо (1 жолу) –36 млн сомдон ашык.
2005-жылдагы март окуяларынан кийин Кыргыз коомчулугунун алдында өлкөнүн саясий системасын жаңыртуу, анын ичинде Негизги мыйзамды реформалоо маселеси келип чыкты. Кыргызстан эли бул реформага ишенич артып, Конституциянын ар кандай долбоорлорун талкуулоого тикелей катышты. Жогорку Кеңештин 2005-жылдын 25-апрелиндеги токтому жана Президент К.С.Бакиевдин 2005-жылдын
12-октябрындагы Жарлыгы менен түзүлгөн Конституциялык кеңешме жана Президенттин 2006-жылдын 23-мартындагы Жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан мындай талкуунун жана талкууга катышкандардын баардыгынын ой-пикирин эске алган макулдашуунун натыйжасында Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө долбоор жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын бир нече долбоорлору иштелип чыккан эле.

Бирок Конституциялык реформа жүргүзүү создуктурулгандыктан улам 2006-жылдын 7-ноябрындагы аянттагы митингдин көпчүлүк катышуучуларынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлдөрүнүн (А.Мадумаров, К.Осмонов, Б.Сулпиев), Жогорку Кеңештин депутаттарынын, анын ичинде оппозиция мүчөлөрүнүн жана башка саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыгып, өлкөнүн Президенти тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Бул долбоорду иштеп чыгууда Конституциялык соттун төрайымы Ч.Т.Баекова да активдүү катышкан.

2003-жылдагы Конституцияда да, Жогорку Кеңеш тарабынан “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамында да Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алуунун жолжобосу көрсөтүлбөгөндүктөн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуунун тартибин жана жолжобосун белгилеген 16-1 жаңы глава менен толуктоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Мындай толуктоо 2006-жылдын 8-ноябрында кабыл алынып, ага Президент К.С.Бакиев тарабынан кол коюлган. Бул Мыйзамдын негизинде 2006-жылдын 8-ноябрында ноябрдык деп аталган, андан кийин декабрдык деп аталган Конституциянын жаңы редакциясы Конституциялык соттун төрайымы Ч.Т.Баекованын активдүү катышуусу алдында кабыл алынган, б.а. ал Жогорку Кеңеш тарабынан ноябрь Конституциясын кабыл алууга жана бул Конституцияга Президенттин кол коюусуна да катышкан. Конституциялык соттун жетекчилиги өзүнө пайдалуу учурда дайыма кош баштуу саясат жүргүзгөндөй таасир калтырат. Алсак, 2006-жылы ноябрда Ч.Т.Баекова «эң демократиялуу» деп жарыялап, Конституциянын жаңы редакциясын ачыктан-ачык эл алдында колдоп чыккан. Кийин Конституциянын ноябрдагы долбоору кабыл алынганда Ч.Т.Баекова Жогорку Кеңеште жеңиш салтанатын кошо майрамдаган. Ал декабрь Конституциясына кол коюуга да катышкан. Президент К.С.Бакиев 2006-жылы

30-декабрда Жогорку Кеңеште болуп, декабрь Конституциясы кабыл алынып жатканда депутаттардын алдында чыгып сүйлөгөн. Бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту да Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 30-декабрындагы жаңы Конституциясы боюнча иштей башташты. Кыргыз Республикасынын декабрдагы Конституциясынын 82-статьясынын негизинде Конституциялык соттун үч судьясы: О.Ж.Мамыров, С.К.Сыдыкова 2007-жылдын 19-апрелинде жана Г.Ж.Курбанова 2007-жылдын 25-майында жашы белгиленген чекке чейин судьялыкка шайланышкан.
Мамлекеттин башка органдары сыяктуу эле өлкөнүн Конституциялык соту 2006-жылдын 30-декабрындагы Конституциянын негизинде иштеп жатып, 2007-жылдын
14-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттары К.Карабеков менен М.Эшимкановдун сунуштамасы боюнча чечим чыгарып, колдонулбай калган 2003-жылдын Конституциясынын 82-статьясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өзүн жокко чыгарып салды. «Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясында Конституциялык соттун чечими, эгерде ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын иш боюнча колдонулууга тийиш болгон ченемдерине ылайык жана ушул Мыйзамдын ченемдерин так сактоо менен кабыл алынса, мыйзамдуу болуп санала тургандыгы так көрсөтүлгөндүгүнө карабай, Конституциялык сот жок Конституциянын ченемдерин жетекчиликке алып олтурат.

Дүйнөлүк коомчулуктун конституциялык жана жогорку сотторунун иш тажрыйбасында сот Конституциянын жана Мыйзамдын ченемдерине ылайык келбеген, жөн эле адам логикасына жатпаган мындай чечим кабыл алган учур болуп көрбөгөн эмес.
Конституциялык соттун ишинин натыйжасында иш жүзүндө Кыргыз Республикасында төңкөрүш болуп өттү.

1996-жылдагы Конституциянын 1-статьясынын 5-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы андан кийинки бардык өзгөртүүлөрдө Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Референдумга (жалпы добуш берүүгө) коюула тургандыгы белгиленген. Анын негизи жана тартиби Конституциялык мыйзамда белгиленет. Бизде болсо Референдум жөнүндө Конституциялык мыйзамга али кол коюла элек. Ал эми 1991-жылдын 28-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамы боюнча референдум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жарыяланат (1-ст.). Референдумга даярдык жана аны өткөрүү референдум өткөрүлгөнгө чейин кеминде 1 ай мурда
17 адамдан турган курамдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши түзгөн референдум боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат (17-ст.). Референдумда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу жөнүндө чечимди бекитүү тууралу маселе коюлат (9-ст). Референдум өткөрүү боюнча областтык, райондук, шаардык кеңештер округдук, участоктук комиссияларды түзөт (19, 22-ст.). Шайлоочулардын тизмеси референдум өткөрүлгөн күнгө чейин 15 күн мурда илинет (24-ст). Референдумдун натыйжасы Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт, ал эми референдумдун жыйынтыктары басма сөзгө үч күндүк мөөнөттө жарыяланат (34-ст.). «Кыргыз Республикасындагы Референдум жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузган адамдар үч жыга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарга же болбосо беш миң сомго чейинки өлчөмдө айып салууга жазаланат
(37-ст).

«Кыргыз Республикасындагы Референдум жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып бул статьялар А.Акаев жана Конституциялык сот тарабынан көп жолу бузулган жана азыр да бузулуп жатат, бирок алиге чейин эч ким жазалана элек.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соттун каржылоо жөнүндө

1993-жылы 5-майда Конституция алынаары менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту түзүлгөн. 1993-жылы 8-майда Конституциялык соттун төрайымдыгына Ч.Т. Баекова шайланган. П.Н.Дрыжак, А.С.Кененсариев, К.Э.Осмонов, С.С.Сатыбеков, Ж.Ж.Тойгонбаев, К.Э.Эсеналиев 1994-жылдын 11-январында судьялары болуп шайланышкан.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, атап айтканда, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 1995-жылдын 9-июнунда, Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйыны 1995-жылдын 2-июнунда Конституциялык соттун судьяларынын антын кабыл алышкан, башкача айтканда, Конституциялык сот 1995-жылдын 2-июнунан баштап иштей баштаган.

Бирок, Конституциялык соттун иши чын-чынында уюшулган күндөн баштап, башкача айтканда 1993-жылдан бери республикалык бюджеттен төмөнкүдөй тартипте каржыланып келет:

Күтүү үчүн кеткен чыгымдар:

(миң сом)





1993 - 316,0 (Факт)
1994 - 750,0 (Факт)
1995 - 1339,0(Факт)
1996 - 2885,0(Факт)
1997 - 2011,0(Факт)
1998 - 2843,0(Факт)
1999 - 2302,0(Факт)
2000 - 4628,0(Факт)
2001 - 6044,1(Факт)
2002 - 5302,6(Факт)

2003 - 8533,9(Факт)
2004 - 11124,7(Факт)
2005 - 8599,8 (Факт)
2006 - 10697,5(Факт)
2007 - 9377,7 (Факт)
2008 - 12659,9(божомол боюнча)





Бир судьяга кеткен чыгым

(миң сом )

1993 - 316,0 (Факт)
1994 - 107,1 (Факт)

1995 - 191,2 (Факт)
1996 - 320,0 (Факт)
1997 - 223,4 (Факт)
1998 - 355,3 (Факт)
1999 - 287,7 (Факт)
2000 - 578,5 (Факт)
2001 - 755,5 (Факт)
2002- 662,8 (Факт)
2003- 1066,7(Факт)
2004- 1390,5(Факт)
2005 - 1228,5(Факт)
2006 - 1528,2(Факт)
2007 - 1041,9 (Факт)
2008 - 1406,6 (божомол)






1993-жылдан 2007-жылга чейин баардыгы болуп – 76 754,3 миң сом.

Буга Конституциялык соттун төрайымы Ч.Т.Баекованын жансакчысына, коштоп жүрүүчүсүнө, кызматтык квартирасына жана күйүүчү-майлоочу май жана башкаларын кошкондо автомашинасын камсыз кылууга кеткен чыгымдар кирбейт.

Бул айтылган сөздөр бекер болбош үчүн Конституциялык сот иштегенден берки мезгилдеги финансалык-чарбалык ишин текшерүү жүргүзүү жөнүндө сунуш бар. Эмне үчүн иштегенден берки мезгилин текшерүү керек? Анткени, Конституциялык сот кворумдун жоктугунан улам 4 жыл бою иштебей келген, ал эми аны каржылоо өлкөбүздүн чакталуу бюджетинен жүргүзүлүп турган. Анын аппаратын жана тейлөөнү кошкондо, бир судьяны кармап туруу 2003-жылы мамлекетке 1 миллиондон ашык сомго турган. Биз алдын-ала белгилегендей, кворум жок болчу, башкача айтканда, судьялар толук курамында эмес эле. Толукталбаган судьялардын айлык акысы кандай максаттар үчүн жумшалып жаткандыгы түшүнүксүз.

Ошондуктан, биздин жүдөгөн өлкөбүздөгү саясий, укуктук чаң-тополоңдун пайда болушунда Конституциялык соттун да, бул кызматты 15 жылдан бери ээлеп келген, анын алмашпас төрайымы Чолпон Турсуновна Баекованын аз эмес үлүшү бар.

Комиссиянын тыянагы:



1) Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдардагы мыйзамсыз референдумдардын жыйынтыгы боюнча корутунду берүү менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланышкан.

2) 1998-жылдын 13-июлундагы чечими менен Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузуп, Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А.А. Акаевге президенттик үчүнчү мөөнөткө өз талапкерлигин коюу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдаштырган.

3) 2003-жылдын 28-февралындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1998-жылдын
10-апрелинде «Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун караган учурда мыйзам кабыл алуунун конституциялык жолжоболору бузулгандыгы тууралу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын сунуштамасын канааттандыруудан баш тарткан, натыйжада, Кыргыз Республикасына эбегейсиз зыян алып келген.

4) Ч.Т. Баекованын Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын ноябрь жана декабрь Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алууга жана аны ачык колдоого активдүү катышкандыгынан улам, Конституциялык соттун төрайымы да жоопкерчилик тартат деп эсептейбиз.

5) Ушуга байланыштуу Конституциялык сот толук курамына ээ боло элек мезгилде эле бюджеттен толук каржыланып тургандыгынан улам, 1993-жылдан берки анын финансалык-чарбалык ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына тапшырылсын.

6) Конституциялык соттун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечими укукка сыйбаган деп эсептелсин, анткени, Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын күчүн жоготкон Конституциясынын, башкача айтканда, 2003-жылдын 18-февралындагы редакциясынын нормаларын жетекчиликке алган.

7) Конституциялык сот түзүлгөн учурдан баштап Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишин иликтөө боюнча курамына укук таануу тармагындагы белгилүү юристер жана адистер кирген Мамлекеттик комиссия түзүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылсын жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айкын-ачык чаралар көрүлсүн.
Долбоор депутаттык комиссия
тарабынан киргизилет


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Долбоор

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1993-жылдан берки ишин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы 2018-III токтомунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын тыянагын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынсын.

2. 1993-жылдагы Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча 1994 жана 1996-жылдарда өткөрүлгөн жалпы элдик референдум Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана 1991-жылдагы Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө Мыйзамды бузуу менен өткөрүлгөндүгү белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 1995-жылдын 24-апрелинде жана 1995-жылдын 4-сентябрында Конституциялык сотко сунуш кылынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1995-жылдын 9-ноябрында кабыл алган чечиминин укукка сыйбагандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентине Жогорку Кеңеш тарабынан 2007-жылдын 18-сентябрында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол коюуну тездетүү жана мына ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү максатында 2007-жылдын 21-октябрына дайындалган жалпы элдик референдумду өткөрүүнү кечирээк мөөнөткө жылдыруу сунуш кылынсын.

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасы

XS
SM
MD
LG