Гордон Браун өкмөт башчысы катары Иракта биринчи ирет болду. Багдадда коалициялык контингенттин өкүлдөрү, башкы командачы генерал Дэвид Петрэус менен жолукту.
Ирак саясатчылары, алардын ичинде премьер-министр Нури ал-Малики менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Браун быйыл жыл этегине чейин 5500 жоокерден Иракта 4500ү каларын, миң солдат Британияга кайтарыларын билдирди.
Ирак премьери Нури ал-Малики ишендиргендей, алдыдагы эки айдын ичинде жергиликтүү коопсуздук күчтөрү Басраны толугу менен өз карамагына өткөрүп алууга тийиш. Ушу тапта британ контингенти Басрага чукул жерге жайгашкан. Жыл этегине чейин анын озуйпасы да өзгөрөт. Буга чейин британдыктар аскери иштерге тикелей катышып келсе, эми алар байкоочунун милдетин гана аркалашы керек.
“Биздин аскерлердин бу жердеги жетишкендиктерине абдан сыймыктанам,- деп айтты Браун. - Алар чоң каармандыгын жана кесипкөйлүгүн көрсөтүштү, Иракты демократиялаштыруу ишине алардын кошкон салымына биз сыймыктана алабыз”.
Британ контингенти Иракта бери эле дегенде дагы эки жыл калат дешет. Басрадагы абалды парламент эмдиги аптада талкуулоону чечкен. Айрым бир маалыматтарда Браун контингенттин тең жарымын быйыл кыскартышы мүмкүн деп айтылган эле. Аскерлерди Иракта дагы канчага чейин кармоо керектигин парламент келерки жылы мартта талкуулайт, деп айтты Браун.