Лондондо чыгуучу "Файненшел Таймс" күндөлүк гезитине берген интервьюсунда МАГАТЭнин башчысы Эл-Барадей Иран өзүнүн атомдук программасы кыргын салуучу куралдарды чыгарууга багытталбаганын агенттиктин жетекчилер кеңешинин 22-ноябрга пландалган жыйынына карата тастыктап берүүсү керек, деп билдирди. Агенттик эки башкы маселеге: Ирандагы атомдук изилдөөлөрдүн учурдагы деңгээли жана уран байытуунун деңгээли атомдук курал жасап чыгарганга жарактуубу же жокпу деген суроолорго так жоп берүүсүн талап кылат. «Иран дүйнө коомчулугуна биз менен ырааттуу түрдө, ак ниет кызматташып жатканын көрсөтүүсү керек, бул анын ак ниетинин сынагы болот, эгерде Иран ал сынактан өтпөй калса, ага колдоо көрсөтүү эч кимдин колунан келбей калат»,- деди Эл-Барадей.
Бул МАГАТЭ башчысынын Иранга койгон эң катуу талабы болду. 25-сентябрда Ирандын президенти Ахмединеджад Улуттар уюмунун башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө, «Ирандын атомдук программасына байланыштуу маселе жабылды, эми ал МАГАТЭнин катардагы күнүмдүк иши болуп калат деп ойлойм»,- деп билдирген.
Ирандын президенти Ахмединеджад өлкө кыргын салуучу атомдук куралдарды жасап чыгарууга кызыкдар эмес экенине жана өлкөнүн атомдук программасы ачык-айкын экенине ишендиргиси келет. Бирок, бүдөмүк суроолор дагы эле кала берүүдө. Ирандын атомдук прогармасы тынчтык максаттарды гана көздөп жатканы дагы эле айкын эмес, уран байытуу процессинин кандай ылдамдык менен арымдап жатканы беймаалым.
Өткөн августта МАГАТЭ менен Ирандын ортосунда жетишилген макулдашуу боюнча, Тегеран атомдук программасында 1980-жылдардан бери орун алган баардык жылыштар менен жетишкендиктер жөнүндө агенттикти кабардар кылууга милдеттенген. Планды коопсуздук кеңешинин Орусия менен Кытай өңдүү мүчөлөрү колдоп чыккан, бирок башка туруктуу мүчөлөрү жактырган эмес. Алардын пикиринде мындай макулдашуу Ирандын атомдук программасын өөрчүтүүгө жол ачат. Бирок, Иран бул макулдашууну аткара турганына кайра-кайра ишендирип келатат:
- Биз МАГАТЭ менен кызматташууну улантабыз, ошону менен катар эле бизге каршы киргизиле турган санкциялардын алдын алуу үчүн дипломаттык араккетерди көрмөкчүбүз,- деп айтты 30-сентябрда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Али Хоссейни журналисттерге берген маалыматында.
Уран байытууну токтотуудан баш тарткандыгы үчүн Коопсуздук кеңеши мындан мурда Иранга каршы эки жолу санкция киргизген.