Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

ШАШТЫНЫ КЕТИРГЕН РЕФЕРЕНДУМ


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Борбордук Шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумга кызуу даярданууда. Аталган комиссия 5-октябрда шаардык, областтык референдум боюнча комиссия башчыларына бир күндүк семинар-тренинг өткөрдү. Алты саатка эсептелген программанын алкагында 1991- жылдагы “Референдум жөнүндөгү” мыйзамдын урунттуу учурлары талкууланды. Референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ыйгарым укуктары, иштерин уюштуруу иштери такталды.

Октябрдагы референдум 1991-жылдагы “Референдум жөнүндөгү” мыйзам жана Шайлоо кодексине ылайык болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Болот Малабаевдин билдиришинче “Референдум тууралуу” мыйзам эл аралык тажрыйбалардын талаптарына жооп бербейт. Ушундан улам референдумду өткөрүүдө Шайлоо кодексиндеги нормаларга таянууга туура келет:

- Мисалы “Референдум жөнүндөгү” мыйзамда референдумдун жыйынтыгынын жараксыздыгы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Айталы, эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине, үгүттөөнүн эрежелеринин бузулушуна, каржылоого, добуштарды сатып алууга, добуштарды саноого байланыштуу олтуттуу мыйзам бузуулар катталса. Башкача айтканда шайлоонун жыйынтыгы олуттуу күмөн туудурса. Тилекке каршы азыркы “Референдум жөнүндөгү” мыйзамда эч нерсе жазылган эмес. Ошол эле учурда Шайлоо кодексинде бул так көрсөтүлгөн.

Болот Малабаевдин айтымында “Референдум жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы долбоорунун кабыл алынбашында парламенттин да күнөөсү бар . Анткени мындай долбоорду парламенттин мурунку чакырылышындагы депутаттар даярдаган. Президент долбоордун айрым жерлерине каршылыгын билдирген, бирок аны Жогорку Кеңеш убагында караган эмес.

Кыскасы мына ушундай себептерден улам, президенттин референдум өткөрүү тууралуу чечиминин да чукул чыгышы Борбордук шайлоо комиссиясынын тажрыйбалуу адистеринин да шаштысын алып турат көрүнөт:

- Биз кыйын абалга кептелип калдык. 19-августта президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө референдум өтөөрүн маалымдады. Анан буйрук чыкты. Анан биз мыйзамга ылайык бир айдын ичинде референдум боюнча комиссияларды түзүшүбүз керек болчу. Ошол эле убакта биз жаңы процедураларды да билебиз. Анда БШК сөзсүз түрдө комиссияда иштей ала турган талапкерлерди көрсөтө алчу баардык субъектилерге - бул саясий партиялар, бейөкмөт уюмдарга, коомдук бирикмелерге комиссияларды түзүү чараларын калыптоо боюнча жазуу түрүндө кайрылышы керек болчу. Эгерде биз мыйзамдын артынан кетсек жарандык институт тарабынан сынга кабылмакпыз. Ошондуктан биз Шайлоо кодексинин нармаларын колдонгонубуз туурараак болду. Калган учурларда “Референдум тууралуу” мыйзамдагы талаптарды аткарабыз.

Мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмеси жылына эки жолу такталып турат. Борбордук шайлоо комиссиясынын шаардык жана облусттук референдум боюнча комиссия өкүлдөрүнө өткөргөн семинар-тренингде шайлоочулар тизмесиндеги айрым маселелер тууралуу кеп козголду. БШКнын өкүлү Надежда Давкина бул жааттагы азыркы абал тууралуу маалымат берип, шайлоого катышууга жараган жарандардын тизмесин тактап-чоттогон системалык администролордун ишин начар деп баалады:

- Кыскасын айтканда атуулдарды каттоо системасы иштебейт. Анткени системалык администратор шайлоочулар тизмесиндеги өзгөрүүлөрдү бир жылдын ичинде формалдуу эле киргизип турат. Маалыматтар менен маселен шайлоолор боюнча чоң кампаниялар башталганда же азыркыдай референдумдун маалында эле иштей баштайт. Анкени бул иштер системалык администраторлордон башка эч кимге кереги жоктой туюлат.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабылова бул айтылгандардын баарын четке кагып, комиссиянын бул өкүлүн жемелеп өттү:

- Бул жерде сиз абалдын жаман экенин айтпашыңыз керек болчу. Биз азыр бул жерде сиз берген маалыматтарды талкуулап жатабыз. Тизмедеги эки миллион жети жүз жыйырма үч жана тогуз жүз он бир адам деген маалыматтар так эмес болушу мүмкүн дегендей айтып жатасыз. Сиз эмне деп айтып жатканыңызды түшүнүп жатасызбы? Азыркы лекцияңыз менен баардык тизмени жана андагы сандардын так экенине, системалык администраторлордун, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын ишине күмөнсүү туудурдуңуз. Чындыгында иш жүзүндө мындай эмес да.

Айтоор БШК шаардык жана облусттук референдум боюнча комиссиялардын башчылары менен алты сааттын ичинде референдумду уюштуруп өткөрүү боюнча баардык маселелерди талкуулагандай болду. Бирок, анын жүрүшү көрсөткөндөй дагы тактап-чоттоочу учурлар арбын. Эми бул тренинг-сминарга катышкан комиссия өкүлдөрү өз аймактарындагы кесиптештерине бул маалыматтарды кыска мөөнөттүн ичинде түшүндүрүп жеткириши керек болот.

Азыр өлкөнүн баардык аймагында референдумду өткөрүү боюнча эки миң жүз токсон участкалык комиссия түзүлдү. Алардын 210у Бишкек шаарында, Баткенде 186, Жалалабдда 398, Ысыккөлдө 243, Нарында 162,Ошто 425, Таласта 115, Чүйдө 388. Андан сырткары Кыргызстандын чет жердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдыда отуз комиссия иштемекчи.

XS
SM
MD
LG