Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:48

КЕЛИШИМГЕ ЭРТЕҢ КЕЛЕБИЗ


Шейшембиде парламент депутаттары “Кумтөр” алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” компаниясынын ортосунда түзүлгөн жаңы келишимди талкуулоону улантты. Жогорку Кеңеш негизинен азыркы өкмөттүн бул ишин дурус деп баалаганы менен келишим тийиштүү комитеттен өтүшү керек деп эсептеп, добуш берүүнү 10-октябрга калтырды. Өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча жаңы келишимге ылайык Кыргызстан “Центеррадагы” 16% акциясын 30%ке чейин көбөйтүүгө жетишти. Мындан тышкары бир катар салыктардан да бюджетке кошумча каражаттар түшмөкчү.

Парламенттин «алтын» комиссиясынын жетекчиси Болотбек Шерниязов кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы келишимди парламент бардык ички процедураларын сактап, тийиштүү комитеттин макулдугун алгандан кийин гана жактырышы керек деп түшүндүрдү.

- Добуш бере алабызбы же бере албайбызбы? Мен айтам, бере албайбыз! Эмне үчүн? Анткени, мыйзам чегинде, регламент чегинде биринчи профилдик комитеттен өтүшү керек эле да. Ал өткөн жок.

Б.Шерниязовдун комиссиясы буга чейинки алтынга байланышкан бийлик башчыларынын көрүнөө-көмүскө иш-аракеттеринин түгөл баарын иликтеп, аны көпчүлүктүн сынына коюуга даяр экенин да жарыя кылды.

- “А”дан – Ч.Айтматовдон – “Ч”га – Т.Чынгышевге чейин. Бүт аты-жөнү бар. Ким эмне иш кылган? Андан башка, мына бул жерде олтурат, түндө өлөрүнө бир калган адамды сүйрөп келип кол койдуруп, “Центерранын” 2% - 11 миллион долларды которуп жиберген бүт адамдардын фамилиясы бар.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев канадалык компания менен сүйлөшүүлөр кыйла эле оор болгонун, анда өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы толук эске алынганын айтты.

- Анан, ойлобогула, жанагы жеке компаниялардын кожоюндарынын 32 миллион акцияны бериши оңой болду деп. Ичинен керек болсо кан өтүп кетти да. Ыйлап жатып бизге берди да. Анын үстүнө, билесиңер, мурунку өкмөт 6,5 миллион акцияга макул болгон. Биз 5 эсе көбөйттүк.

Адистердин айтуусунда, «Кумтөр» кенинде болжол менен 716 тонна алтын запасы бардыгы аныкталган. Казылып алынганы - 182 тонна. Бирок да 2003-жылдын аягында кыргыз өкмөтү «Центерра» компаниясынын түзүлүшүнө макул болуп, анын болгону 33% акциясына гана ээ болуп калган. Бул жагдай кыргыз парламенттин каршылыгын жараткан. Ошого карабай Н.Танаевдин өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрында дагы бир токтомго кол коюп, ага ылайык Кыргызстандын 15% акциясын сатып ийген.

Ал эми жаңы түзүлүп аткан келишимге ылайык кыргыз өкмөтүнүн 16% акциясы 30%ке көбөйдү.

Парламент депутаты Акматбек Келдибековдин айтуусунда, өкмөт «Кумтөр» алтын кенинен алалбай калган кирешесинин бир бөлүгүн өндүрүп келсе жакшы болмок.

- «Мына, 300 миллион же 500 миллион, ушуну бөлүшүп жатабыз», деп сиздин колуңузга «ушуну бюджетке колдонгула», деп берсе. Ошондо аябай жакшы болуптур деп айтсак болмок. Ким эртең ушул акча келип түшөрүнө кепилдик бере алат? Себеп дегенде, мурункусунда да келип түшчү 500 миллион акчадан 186 миллион келип түшүп жатат.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, келишим парламент тарабынан колдоо тапса акциялардын баасы көтөрүлүшү ыктымал.

- Быйыл эле бул акциянын баасы 10 – 11 долларга чыгып калышы мүмкүн.

«Камеко» корпорациясы жаңы келишимге ылайык Кыргызстанга берген 15% акциясынын акысына ушу тапта кен казылып аткан жердин жанынан 25 миң гектир жерде кен чалгындоо, алтын казып алуу укугуна ээ болууда. Мындан тышкары жаңы келишимде киреше салыгы эмдиги жылдан тарта 11%, ал эми 2010-жылдан 13% чейин көбөйөрү макулдашылган.

Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, жаңы келишимге ылайык Кыргызстан алдыңкы 3 жылда салык түрүндө Кумтөрдөн кошумча 160 миллионго жакын доллар пайда көрмөкчү.

XS
SM
MD
LG