Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

ПУТИН МЕНЕН МЕРКЕЛДИН ЖОЛУГУШУУСУНАН МАЙНАП ЧЫККАН ЖОК


Орусиянын президенти Владимир Путин алдынкы эки күнү Германияда болуп ФРГнын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуп сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Висбаден шаарында өткөн ал жолугушуу маалында көңүлдүн чордонундагы кептер – Ирандын ядролук программасы, Косово укугу маселеси жана ракеталык чабуулга каршы америкалык системаны Европага жайгаштыруу боюнча АКШнын планынын тегерегиндеги жагдай болгон.

2000-жылы Путин менен Шредер ортосунда «Петербургдук диалог» аталышта дайыма жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүп жүрүү макулдашуусу пайда болгон. «Петербургдук диалогду» ойлоп тапкандардын алдына коюлган максат Орусияны тез аранын ичинде Европа менен жакындаштыруу болгон экен.

Анализчилер баамында ошол салт келаткан жылдан тарта жоюлат. Ага себеп канцлер Анжела Меркелдин бийликке келишинен эмес, кайра ФРГ канцлери орусиялык президент Владимир Путинди адам укугу маселеси жана мыйзамдын бузулушу боюнча сындаганы менен экономикалык жактан аны Батышка жакындатуу үчүн аракетин аяган жок дешет.

Орусиялык саясий маалымат борборунун деректири Алексей Мухиндин пикири боюнча "Орусияга мынчалык жылуу мамиледеги Европада Германиядан башка бир да өлкө жок. Маскөө аны ошон үчүн Батыш өлкөлөрүнө көгүлтүр отун сатууда арачы кылды".

Чын эле былтыр жазда Кремлдин түрткүлөөсүнөн улам «Газпром» германиялык компанияга газ чыккан Штокмандык жаңы жерди иштетүү үчүн өнөктүккө чакырган, бирок А. Меркел ага көнбөй койгон. Азыркы учурда «Газпром» Алмания эли жагып аткан газдын үчтөн биринен көбүрөөгүн жеткирип келет экен. Ошондуктан өнөктүккө барганда Берлин мындан да катуу көз карандылыкка барат деп Меркел качкан дешет.

Висбаден шаарында, дүйшөмбү күнү иши аяктаган саммит этегинде Путин журналисттерге Орусияда шайлоолор өткөндөн кийин деле Маскөө менен Берлин алакасы өзгөрүлбөйт деп эскертти:

«Жаңыланган орусиялык бийлик Германия жана Европа менен мурдагы ымаласын сактай турганындыгына ишенемин»-деди.

Өз учурунда Алманиянын канцлери Меркел да сөз сүйлөп, ал орусиялык лидерди глобалдуу маселелерди чечүүдө Европа менен чукул болууга чакырды.

«Die Welе» жазганга караганда алман элинин 73 пайызы энергия кубатын өндүрүүчү отун маселесинде өздөрүн Кремлге көз каранды сезишет.

XS
SM
MD
LG