Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:47

ТЕГЕРАН САММИТИ КАСПИЙДИН СТАТУСУН АНЫКТАЙ АЛБАДЫ


Тегеранда беш өлкөнүн жыйыны аяктады. Азербайжан, Иран, Казакстан, Россия жана Түркмөнстан лидерлери Каспийдин статусу жөнүндөгү конвенциянын долбоорун талкуулашып, жыйынтыгында жалпы декларация кабыл алышты. Жыйындан соң орус жана иран президенттеринин сүйлөшүүлөрү башталды.

Тегеран саммитинде кабыл алынган декларацияда Каспийдин алабындагы иш-аракеттердин принциптери аныкталды. Документти беш өлкөнүн лидерлери деңиздин статусун аныктоо жолундагы саясий багыт болуп калат деп эсептешет.

Советтер Союзу таркатылган соң Каспий беш өлкөнү талаштырып келатат. Иран деңизди тең бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү каалайт, бу тарыйка Түркмөнстанга да жагат. Россия болсо деңиздин түбүн жана үстүн орто тилке менен аныктап,ар кимдин энчисин Каспийде буга чейин жасаган иштерине жараша үлөштүргөн адилет болот деп эсептейт. Москванын бул позициясын Азербайжан менен Казакстан колдоп жүрөт.

Каспийдеги кара майдын кору дүйнөдө чалгындалган бардык мунай запасынын 5 процентине жакын деп бааланат. Деңиздин кендерин ачканга ушу тапта дүйнөлүк эң ири компаниялардын дээрлик көбү тартылган.

Каспий саммити биринчи мерте 2002-жылы Ашхабадда болгон, тараптар принциптүү эч кандай пикирге келе алган эмес. Тегерандагы талкуулардын жүрүшүндө да көп маселелер боюнча ортодогу түйүндүү талаштар мурдагы бойдон калганы байкалды. Орус президенти Владимир Путин Каспийдин үстүңкү мейкини мамлекеттик туташ чек араларга, тилкелерге же атайын зоналарга ажыратылбастан, алар канчалык аз болсо, орток пайдалануудагы аймактар канча көп болсо, ошончолук жакшы болорун билдирди. Ал эми Гурбангулы Бердымухамедов Каспий деңизиндеги бир тараптуу аракеттерди, айрыкча арасат абалда турган тилкелердеги мунай казуу иштерин Түркмөнстан мурдагыдай эле кабыл алалбай турганын эскертти.

Деген менен түркмөн президенти бүгүнкү жыйынга алымсынганын да моюнга алды. Анын сөзүнө кошулуп, Азербайжандын президенти Илхам Алиев тараптар Каспийдин укуктук статусуна, экономикага,экологияга,энергетикага,коопсуздукка
байланыштуу кеңири чөйрөдөгү маселелерди ийри олтуруп,түз талкуулашканын белгиледи. Казак президенти Нурсултан Назарбаев болсо Каспий конвенциясы эмдиги жылы Бакуда боло турган кезектеги саммитте кабыл алынарына ишенич билдирди. “Бардык маселелерде жана дайыма эле көз караштар дал келген жок, - деп айтты орус президенти Владимир Путин маалымат жыйынында.- Бирок бардык тарапты алымсындыра турган мунасалуу чечим тапканга ыкылас бар экени айкын болду. Эгер бул маанай мындан ары да сакталса, орток пикир табылары калетсиз”.

Кабыл алынган декларацияда Каспийдеги беш өлкө өзүнө караган деңиз тилкесин алардын ким бирине каршы агрессия үчүн башка бир тарапка пайдаланууга бербейт деген пункт жазылды. Байкоочулар муну документке Тегеран сунуш кылганын айтышууда.

Каспий саммити аяктаган соң орус жана иран президенттеринин сүйлөшүүлөрү башталды. Анда эки тараптуу мамилелерден тышкары Ирандын атомдук программасы башкы тема болмокчу.

XS
SM
MD
LG