Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

ТАЛАС: ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА БЮДЖЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛДЫ


17-октябрь күнү президент атайын иш сапары менен Таласта болду. Президент алтын кендердин тегерегинде экологиялык маселелерди көтөргөн жергиликтүү тугундарды колдоорун айтып, алтын кендер боюнча кыскача токтолду. Укук коргоочу Арзыкан Момунтаева президент менен жолугушууга жалаң бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери чакырылып, бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышпай калганына нааразы.

Президент Курманбек Бакиев 17-октябрь күнү Таласка келип, Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалуу мектептин залында бюджеттик мекеме уюмдардын кызматкерлери, айыл аксакалдар, энелер жана жаштар менен жолугушту. Президент жыйын өткөн залдын бир капталында шыбактар түшүп турганын көрүп, облуста маданият тармагына начар көңүл бурулуп жатканын айтып, губернаторду сындап кетти. Облустун көптөн бери көйгөйлүү маселеси болуп келген алтын кендер тууралу президент Кумтөрдөгү келишим туура эмес түзүлүп, Кыргызстанга пайда түшпөгөнүн айтып, ал кемчилик “Жерүй алтында” болбошу үчүн накталай чыгарылган алтындан өкмөт бөлүшөөрүн билдирди. Мындай кемчиликтерди билдиришкен жана алтын ишкананын тегерегиндеги туура эмес жүрүп жаткан маселелерге каршы чыккан жергиликтүү тургундарды колдоорун билдирди:

- Алтын запастары туура эмес эсептелди деп күмөн саноого болбойт. Алтындын запасын Союз учурунда геологдор аныкташкан. Ал убактагы адистер тиги, же бул жака тартып бир нерсени будамайлоо кызыкчылыгы жок болгон. “Андаш” кени боюнча маселе да көзөмөлдө турат. Жалпысын айтканда сиздер өз кызыкчылыгыңарды коргоп жатканыңыздарды туура эмес деп айта албайбыз. Маселен убагында козгоп, таламын талашкан үчүн оң жылыштар болуп атат.

Президенттик жолугушууга өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышпай калганына нааразы болуп укук коргоочу Арзыкан Момунтаева алтын кендердин кемчиликтерин билдирип, айтканы үчүн куугунтукталып жатканын жана “Жерүй” алтын кени айрым саясатчылардын акырына айланды деген пикирде:

- Бийликтин баягы эле илгерки оорусу кармап, өзгөчө коомдук уюмдарды чакырганды коюшту. Бюджеттик акырдан жем жегендерди чакырып алып, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарткан бийликтин оорусу бар. Биз абдан катышкыбыз келген. Алтын кенине байланышкан окуя түздөн-түз мага байланышы бар. Мындан бир нече жыл мурун эле ачылып, кыргыз элин бакытка бөлөйт эле. Бийликтин көнүп калган жегич-ичкичтердин кормушкасына айланып калганы жалган бекен. Лидерлерден бизди камады эле, алдыбыз асык, артыбыз касык дегендей күндө соттун алдында жүрөбүз, ошол жакшыбы.

Облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Жеңиш Чынаев жолугушууда бала бакча мектептерде тынбай электр жарыгы өчүлүрүп жатканын айтты:

- 10 млн. карызыбыз бар экен. Курманбек Салиевич сиз айткандай интернат, мектептерибиз бар. Электр жарыгын өчүрүшүп карыздан улам оор акыбалда турабыз.

Президент мындай көрүнүшкө мындайча жооп берди:

- Эгерде биз илимге, билимге акчабызды аясак, анда келечегибизди ойлобойт экенбиз да туугандар, ушундай эле чечим чыгарыш керек.

Элдин арасынан президентке Өтмөк-Талас жолу начар курулуп жана иш кечеңдеп жатканын айтышканда, президент ал жактагы иштин кечеңдешине жергиликтүү тургундар өздөрү күнөөлү экенин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул жолу ачык айтканда, быйыл жылдын аягына чейин бүтөт эле. Күнөө өзүңүздөрдө туугандар жолдорду тосуп, жол куруучулар менен тополоң кылган.

Буга кошумча жолугушууга чогуу келген транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов жолдун курулуш иштери катуу көзөмөлгө алынаары тууралу кеп кылды:

- Жасалып жаткан иштин сапаты начар болгон болсо, заказчиктер бир жылдын ичинде өзүнүн каражатынын эсебинен кайрадан оңдоп берет. Биз аны сөзсүз көзөмөлгө алабыз.

Мындан тышкары президент облуста эгиндин айдоо аянттары он миң гектарга азайып, кылкандуу дан азыктарга көңүл бурулбай жатканын айтканда, экс-президент Акаевдин балдызы Аязгүл Саркишовадан дан азыктын акцияларын жааматка Жогорку сот аркылуу чыгарып берем деп күрөшүп келе жаткан Данил Акжолов бир жарым жылдан бери Жогорку Соттун чечими аткарылбай келе жактаны тууралу президентке кайрылды:

- 2006-жылы 26-майда Жогорку соттун чечими чыкты. Чечим чыккан күндөн баштап бир жарым жыл өттү, ушул чечим аткарылбай келди.

Президент менен бирге облуска транспорт министринен тышкары каржы, билим жана маданият министрлери да келишти.

XS
SM
MD
LG