Бул күнү саат 9да алгачкы маалымат берилип, басма сөз каражаттары үчүн маалымат жыйыны саат 11:00дө өткөрүлөт. Баш мыйзамдын президент Курманбек Бакиев сунуштаган долбоору менен шайлоо тууралуу кодекстин жаңы редакциясына добуш берүүгө элдин 80,64 пайызы добуш берди. Бул тууралуу кечээ Бишкекте өткөн жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү маалымдады. Мыйзамга ылайык, үч күн аралыгында Референдумдун жыйынтыктары толук чыгарылып, президент Бакиевдин же Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилмекчи. (ZMa)