Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

РЕФЕРЕНДУМ: ЧОҢАЛАЙДА АКТИВДҮҮЛҮКТҮ 92 ПАЙЫЗГА ЖЕТКИРИШТИ


Айрым бейөкмөт уюмдар 21- октябрдагы жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмалангандыгын баса белгилешсе, кээ бир партиялык лидерлер мындай фальсификацияга жол койгон бийликти токтоосуз жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

Референдумдун жүрүшүн көзөмөлдөгөн «Интербилим» борборунун Оштогу менеджери Гүлгаакы Мамасалиева бийлик адаттагыдай административдик ресурстарын каалашынча пайдаланганын, шайлоого калк аз санда катышса да, анын жыйынтыктары болуп көрбөгөндөй бурмалангандыгын, жер-жерлерге тагылган байкоочуларды жооптуу адамдар ичкери киргизбей кууп тараткандыгын «Азаттыкка» маалымдады.

Ошондуктан, он чакты бейөкмөт-уюмдун жана партиялардын башын бирктирген көз карандысыз комитетке кайрылып, мындай көз боемочулукка шарт түзгөн участкалык шайлоо комиссияларын эл астында жоопкерчиликке тартууга көмөктөшүүнү суранды.

Өзү белгисиз бойдон калууну каалаган облустук чиновник да жогорудагы фактыны ырастап, жалгыз мисалды алдыбызга тартты. 21-октябрь түнү Чоңалай районунун жетекчилиги референдумга калктын 92 пайызы катышкандыгын билдиришсе, жогорку жактагы чоңдор аларды көрсөткүчтү азайтууга мажбурлашкан.

Байкоочу, Ош гуманитардык педагогикалык институнун мугалими Майрамкан Мусаканова анча-мынча тескери жоруктар маанилүү эмес, эң негизгиси жалпы элдик добуш берүү тынч, эч кандай кийлигишүүсүз, майрамдай өттү деп эсептейт.

- Участкаларда аябай жакшы шарттар түзүлгөн. Жарык жана жылуу болуп, ыр жаңырып турду. Ар бир кирген шайлоочунун жүзүнөн жакшынакай Кыргызстандын келечеги үчүн салымымды кошоюн деген ниетте келип атышты, - дейт Майрамкан Мусаканова.

2005-жылы президенттикке талапкерлигин койгон Аманбай Сатибаев «КТР, ЭлТР телекомпаниялары элди алдаганга жардамдашты. Референдум 2005-жылкы президенттик шайлоодой эле фальсификацияланды. Алдангандар өзүн кийин түшүнөт. Бирок, өз калкын алдоо жолу менен бийлигин бышыктап жана узартууга ниеттенгендерди токтоосуз жазалоо тийиш!» деген пикирде.

- Референдум боюнча элдин маанайы жакшы эмес. ЭЛТР, КТР бийликке байланыштуу Бакиевдин алдаганына жардам берип атканына мен таңкалып атам. Бакиевдин президенттикке болгон шайлоосу дагы бурмалоо менен өткөн, эч качан 90 пайыз алган эмес. Буларга эл керек эмес, бийлик, акча керек, - дейт Аманбай Сатибаев.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, 21-октябрдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Президент Бакиев сунуш эткен Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин долбоорлорун кубаттап Ош облусу – 76; Ош шаары – 76,2 пайыз добуш берди. Каршылардын көрсөткүчү бир пайыздын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG