- Университетте жетекчилерден бирөө, мугалимдерден бирөө уюштуруп, Айтикеевди кармап беришиптир деген сөз ушунчалык уят нерсе. Аны университетке кирип бараткан жеринен кармап алышыптыр. Ал окуусун көп калтыргандыктан университеттен чыгарылган болчу.
Мындан мурда апрель митингисине катышкан 4 жаранды Бишкек шаардык биринчи май райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. 23-апрельде УКМК дагы бир митингдин катышуучусун камаган. Эми кезек А.Айтикеевге да жетти. Бириккен фронттун лидери Фелик Кулов, маалымат жыйынында “Канжар” деген уюмду биз чакырган эмеспиз, деген эле:
- “Канжар” жаштар уюму митингге келип, ар кандай акцияларды уюштурууга аракет кылышкан. Биз аларга уруксат берген эмеспиз. Алардын арасында экстремисттик көз караштары үчүн “Ар намыс” партиясынын катарынын чыгарылгандар бар экен. Ошол себептүү менин орун басарым Э.Алиев, аларга митингиге катышпагыла деген.
Бир катар укук коргоочулар Ф.Куловдун мындай билдирүүсүн «жаштарды кол жоолук кылып пайдаланып алып, кийин таштап кетишти».- деп баалашкан. Ал эми А.Айтикеевдин өзү УКМКда жатып чыккандан кийин «Азаттыкктын» суроолоруна жооп берип жатып, мындай деген:
- Жаштарга дагы бир кеңеш берет элем. Бүгүнкү саясий аренада, өздөрүн саясатчымын дегендер өңчөй популисттерден куралыптыр да. Бул менин жеке тажрыйбам, өзүмдүн башыма түшкөндөн кийин билип атам. Биз көрүнгөн саясатчынын кол жоолугу болбой, тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек.
Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде, апрель митингисине катышкандарды соттоо, камоо адам укуктарын тебелегендик болуп саналат:
- Мен адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы катары бул боюнча катуу нааразылык билдирем. Бул адам укугун тебелегендик. Азыркы бийликти, президент Бакиевди ошол эле соттор, тергөөчүлөр, ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери жаманатты кылып атышат.
Укук коргоочулардын айтымында, апрель митингисин уюштуруучулардын бири болгон Өмүрбек Субаналиев толук акталып, Президенттин администрациясынын коопсуздук бөлүмүн жетектеп турган чакта, митингдин катардагы катышуучуларынын камалып, соттолуп жатышы көптөгөн талаш-тартышты жаратууда.