Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

МАРИ ЙОВАНОВИЧ: РЕФЕРЕНДУМ ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРГА КАРААНДАГАН ЖОК


Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович өткөн жуманын этегинде Нарын облусунда эки күндүк иш сапары менен болду. Биздин Нарындагы кабарчыбыз Жаркын Ибраева элчи айымга жолугуп, жакында өткөн референдумдун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоо андан сырткары келе жаткан жаңы жылда Американын Кыргызстандагы элчилигинин саясаты боюнча маек курган.

-Урматтуу элчи айым, сиздин көз карашыңызча жакында болгон референдум кандай өттү?

- Мен элчи катары Бишкекте референдумга байкоочу болуп катыштым. Менин айтарым -Америка өкмөтүнүн ою. Америка өкмөтү жана Америка элчилиги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча ачык кабатырлангандыгын бөлүшөбүз жана аны колдойбуз. Алардын отчетунда ашыкча бюллетень таштоо жана шайлоочулардын санын жогору көрсөтүү боюнча айтып кетишкен. Биз аларды колдойбуз. Дагы айтарыбыз, бул референдумда Кыргыз Республикасы өзү кабыл алган эл аралык стандарттарга жеткен жок.

- 16-декабрда белгиленген парламенттик шайлоо болгону турат. Дегеле анын ачык-айкын, калыс өтүшүнө АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кандай жардамдарды көрсөтө алат жана кайсыл деңгээлде?

- Биз келе жаткан 16-декабрдагы парламенттик шайлоону ачык жана айкын өтүшүнө чоң үмүттөнөбүз. Элдердин өзүнүн ою ишке ашат деп да үмүттөнөбүз. Бул шайлоого партиялар бирдей деңгээлде даярдык менен келет деп ойлойбуз. Андан тышкары шайлоого карата шайлоочулардын тизмеси дагы өтө жакшы такталып, жогорку деңгээлде даярдалат деп үмүттөнөбүз. Бардык партиялар шайлоого келгенде бирдей деңгээлде катышууга мүмкүнчүлүгү жана укугу болуш керек. Ошондой эле партиялар аймактык деңгээлде да бирдей шартта иштөөгө тийиш. Америка элчилиги тарабынан бул шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө көмөк көрсөтүү жолдору бул биз бир гана азырынча “Айфис” деген уюм аркылуу көмөк көрсөтө алабыз. “Айфис” уюму бул Борбордук шайлоо комиссиясы менен тыгыз иштейт жана ал компанияга өзүлөрүнүн жумушчуларын жана эксперттерин даярдоого, сабак өткөрүүгө же болбосо кошумча материалдарды даярдоого “Айфис” уюму аркылуу биз көмөк көрсөтүүгө даярбыз.

- 2008-жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кандай программаларга колдоо көрсөтөт. 2008-жылда АКШ элчилигинин саясаты кандай болот?

- Өзүңүздөр билсеңиздер керек. “Миң жылдыктын чакырыктары” корпорациясы Кыргызстандын баштапкы программасын каржылоо боюнча чечим кабыл алды. Бул программа негизинен коррупцияга каршы күрөшүү программаларын ишке ашырат. Анын ичинде укук коргоо органдарын колдоо, же болбосо сот системасын колдоо болот. Андан 2009-2010-жылга дагы бир проектибиз бар. Ал чек ара жана бажы кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Эгер Кыргызстанга чет адамдар келе жаткан болсо анда күчтүү чек аранын кызматкерлеринин жардамы менен Кыргызстанга баңги заттарды жана куралдарды алып кирүүгө бөгөт коюуга жардам беребиз деп үмүттөнөбүз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG