Маскөөнүн түштүк тарабын аралап жаткан Битцевдик жапайы токой негизинде уюшулган, жайында эл эс алуучу парк 20 чарчы чакырым жерди ээлеп жатат. Кылмышкер ал жакка кишилерди ээрчитип барып арак ичирип анан ала барган балкасы менен жайлап турган. Курман болгондор ичинен төрт кишинин сөөгүн 1992-жылы токойчулар таап алышкан. Алар милицияга билдирип, анан парктын ичин жапырт тинтип карай келгенде, ар жерге чала көмүлгөн кишилердин сөөктөрүнөн ондогонун табышкан. Алар дээрлик баштары жарылып өлгөн кишилер болуп чыккан.
Ошентип ал аймакта бир мыкаачы бар экени дайын болгон. Бирок андан кийинки он төрт жыл ичи киши өлтүрүү улана берген жана кылмышкерди милиция колго түшүрө алган эмес.
Анализчилер арасындагы кеп - «эмне үчүн күч органдары кылмышкерди ушунча он төрт жыл бою кармай алышкан жок деген суроонун айланасында болууда. Мамлекеттик каражат токой үстү менен ары-бери учурган тик учак майына жана атчан милициянын токойду тинткендигине жумшалганын айтышат. Ошол эле учурда бул ишти иликтеп аткандар көрүнөө жаткан далилдерге маани бербей жүрө бериши ушуга алып келген дешүүдө.
«Кол салынып, бирок тирүү калган келин ооруканада, кылмышкер мени чындап сойгону аткан десе милиция ал келинди, мигрант экенсиң деп коркутуп, арызын кабылдабай коюшкан. Анын (Пичушкиндин – ММ) колунан качып чыккан өспүрүм да милицияга барып, мобу киши мени өлтүргүсү келди десе, калп айтасың деп баланы кууп жиберишкен», дейт кылмышкердин тергөөсү менен тааныштыгы бар Михаил Виноградов.
Виноградов бөйдө ажал тапкандардын, киши өлтүргүчтүн жылуу кебине көнүп өздөрү токойго барып беришин жаман адат катары белгилейт.
Мыкаачы ушул эле Битцевдик токой парктын кыйырындагы чакан дүкөндө кара жумушчу болуп иштеп акча таап келген экен.
Сот ишинин жүрүшүнө кылмышкердин запкысын жеген 41 киши жана 98 күбө катышышкан.
Эл оозундагы кепте болсо бүт өмүрү абакта олтурууга кесилген Пичушкинди 1994-жылы башы алынган, 53 кишинин канын төккөн Андрей Чикатилодон өткөн мыкаачы болду дешет.
Албетте, «Битцевдик киши өлтүргүчтүн» башын алып салса жакшы болор эле дегендер четтен чыгууда, бирок Орусия азырынча өлүм жазасына тыюу салуу алкагындагы мамлекет болуп эсептелет, ошондуктан ага барбайт дешет.