Дүйнөдө бардыгы болуп 20 миллионго жакын күрд бар болсо, алардын эң көп бөлүгү - жети миллионго жакыны - Түркиянын чыгыш аймактарында жашайт. Калган күрддөр негизинен кошуна Иран, Ирак жана Сирияда отурукташкан. Мурда күрддөрдү "тоолуу түрктөр" деп атап, алардын өзүнчө улут экенин тааныбай келген Түркия өкмөтү дүйнөлүк коомчулуктун басымы алдында акыркы мезгилде өз турумун бир кыйла жумшарткан жана өлкө күрддөрүнүн маданияты өнүгө баштаган.
Бирок акыркы апталарда күрд террорчулары удаасы менен бир нече чабуул жасап, Түркиянын өкмөттүк аскерлерин өлтүргөндүктөн, өлкөдөгү маанай өзгөрдү. АКШнын "Америкэн энтерпрайз" деген институтунун эксперти Майкл Рубин жакында Түркияга барып келген жана анын айтымында, өлкө калкы террорчуларды жок кылуу талабын катуу коюуда:
"Ыстамбулдагы маанай азыр - 2001-жылдын сентябрындагы террор аракеттеринен кийинки Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларындагы маанайга өтө окшош. Күрд террорчуларынын чабуулдары дээрлик апта сайын болуп жатат, ошондуктан жагдай эң курч абалга жетти, элдин кыжыры кайнап баратат", - дейт Рубин.
"Turkish Daily News" деген түрк гезитинин баш редакторунун орун басары Мустафа Акйолдун пикиринде болсо, эгер Түркия армиясы кеңири чабуул баштаса, карапайым күрддөргө дагы сөзсүз залака тийет жана алар террорчуларды мурдагыдан көбүрөөк колдой башташы мүмкүн:
"Карапайым калк арасындагы маанай өзгөрүп баратканын байкаса болот. Жана күрд террорчуларынын максаты дагы дал ошол, анткени буга чейин террорчулар кеңири элдик коодоого ээ боло албай келген. Күрд калкынын негизги катмарлары түрк башкаруучулугу алдында тынчтыкта жашоону каалайт. Өткөн июлда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан бийлик партиясы күрддөр арасында 55 пайыз добуш чогултуп, көпчүлүктүн колдоосун алган. Күрд жумушчу партиясы менен тымызын байланышы бар деп эсептелген көз карандысыз талапкерлер болсо 24 гана пайыз колдоого ээ болгон", - дейт Акйол.
Рубиндин пикиринде дагы кеңири аскерий аракеттер буга чейин салыштырмалуу тынч Түркия коомун дүрбөлөңгө салышы ыктымал: "1970-жылдарда Түркияда солчулдар менен оңчулдар ортосунда мунаса жетишилип, социалдык чыңалуулар жок эле. Бирок Күрд жумушчу партиясынын аракеттеринен улам абал 1980-жылдарда өзгөрдү, андан бери 30 миңге жакын адам набыт кетти. Жер которууга аргасыз болгон адамдар Түркиянын чыгышындагы Диарбакир шаарына эмес, Ыстамбул же Улус, Анкара же Измирге барып отурукташты. Ошондуктан эгер азыр коомдо чыңалуу пайда болсо, маселеге Түркиянын чыгышы гана эмес, батыш аймактары дагы батат, ал тууралуу эл арасында сөз боло баштады", - дейт Рубин.