Тизменин башында биринчи болуп “Жаңы күч” партиясынын төрайымы Токон Шайлиева, адан кийин Биринчи май райондук администрациянын кызматкери Любовь Сафронова, ишкерлер Таалайбек Сагынов, Алексей Чикаев жана ЖОЖдун окутуучусу Светлана Молдагазиева турат. БШКнан кабарлашкандай, Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлердин тизмесине бир партиядан беш гана адам кирет. Анткени бир бюллетенге бардык 100 талапкердин ысымын батыруу мүмкүн эмес.(MSu)
13:57 «Аялдардын жана жаштардын «Жаңы күч» партиясы парламенттик шайлоого барчу алдыңкы беш талапкерди аныктады