Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

А. АТАМБАЕВ ТҮШТҮК КОРЕЯГА ИНВЕСТИЦИЯ ИЗДЕП БАРДЫ


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевдин Түштүк Кореяга жасаган эки күндүк иш сапары бүгүн аяктайт. Атамбаев Кореяда бир катар адамдар менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы мамилелерди талкуулады. Кореялыктар Кыргызстандын гидроэнегетика тармагына, атап айтканда Камбарата ГЭСтеринин курулушуна кызыгышты.

Кыргызстандан Кореяга өкмөттүк деңгээлде биринчи жолу ушундай сапар уюштурулду. Президенттин басма сөз кызматынын өкүлү Болот Жумабаевдин билдиргенине караганда, бүгүн - сапардын акыркы күнүндө экономикалык жаатта дагы бир катар жолугушуулар өтөт:

- Бүгүн А. Атамбаев кыргыз экономикасына кореялык инвестицияларды тартуу маселесине арналган форумга катышат. Андан соң “Daewoo” заводунун иш менен таанышат.Ошону менен иш сапары аяктайт.

Мындан тышкары, кечээ күнү Алмазбек Атамбаев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Лим Че Жон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Анын жүрүшүндө эки мамлекет ортосунда кызматташтык, анын ичинде парламент аралык алакаларды бекемдетүү, “Корея жана Борбор Азия” деген аталыштагы регионалдык форум түзүү жана Бишкек-Сеул түз аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде өкмөт башчы Кыргызстанда ички саясий абал турукташып калганын белгилеп, бизнес жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлүп атканын айтты.
Кыргыз-түштүк корей кызматташтыгы өзгөчө акыркы жылдары күч алганы байкалат. Былтыр Кыргызстандын тышкы иштер министринин Кореяга ырасмий сапары учурунда Кыргызстандын бул мамлекетке бересесин жоюу, эмгек мигранттарын Кореяга жиберүү маселелери каралган.

Ошонун негизинде быйыл февраль айынан баштап Корея Кыргызстандан эмгек мигранттарын ырасмий кабыл ала баштады. Бул жаатта сүйлөшүүлөр 2001-жылдан тарта жүрүп келген.

Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча комитеттин төрага орун басары Досмир Узбековдун айтымында, ушул макулдашуунун негизинде быйыл 2 миңден ашуун кыргызстандыктар Кореяда мыйзамдуу мигрант катары иштей алышат:

- Учурда Түштүк Кореяда мыйзамдуу түрдө 65 мигрант иштейт, ал эми мыйзамсыз мигранттардын саны 2 миңден ашат. Тилекке каршы кыргызстандык айрым фирмалар башка бир жолдор менен жарандарды мыйзамсыз алып чыгып жатышат. Жакында эле Кыргызстандан ошондой бир шылуун аял кармалып, азыр ал камакта отурат. Мына ушундай нерселер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин түзүлүшүнө терс таасирин тийгизет.

Аталган макулдашуу күчүнө кирелекте көпчүлүк кыргызстандыктар бул өлкөдө мыйзамсыз иштеп келген. Досмир Узбековдун белгилешинче, бул жагдай Корея тараптын Кыргызстанга болгон ишенимин басаңдатып келген.

А. Атамбаев ошондой эле кечээки жолугушуулар учурунда Кореянын жетекчилигин Кыргызстанда жашап аткан этникалык корейлерге көңүл бурууга чакырды. Учурда Кыргызстанда 20 миңден ашуун этникалык корейлер жашайт.

Кыргызстандагы корейлер диаспорасынын мурунку жетекчиси, мурдагы депутат Роман Шиндин айтымында, Кыргызстанда Корянын өкүлчүлүгү ачылгандан тартып корейлер бир кыйла жеңил болуп калды.

-Бул жылы биз Кыргызстанда Кореянын консулдугун ачуу маселесин көтөргөнбүз, бирок учурда Кореянын өкүлчүлүгү гана иштеп жатат. Жакынкы арада биздин ишкерлер Кореяга виза алуу үчүн Казакстанга барбастан, Бишкектен эле ала алышат. Буга чейин бул биз үчүн абдан ыңгайсыз болуп келген,-деди Роман Шин.

Кыргызстан менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө быйыл 15 жыл болгону менен Кыргызстандын Сеулдагы консулдугу 2 жыл мурун гана ачылган.

XS
SM
MD
LG