Премьер-министрдин милдетин аткрауучу Алмазбек Атамбаев Кореянын премьер-министри Хан Док Су жана Улуттук ассамблеясынын спикери Лим Че Джан, Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин президенти Шин Джанг Бум менен жолугушкан. Эки тараптуу жолугушууларда Кыргызстанга инвестиция тартуу, Кореялык ишкерлерге кыргыз рыногунда шарт түзүү жана маданият жаатында программаны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча маселелер тулкууланган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)