Ош шаардык Кеңешинин депутаты Авазбек Асанов, шайлоону таза жүргүзүү үчүн эң башкысы үч илдеттен кутулуу зарылдыгын, тилекке каршы, убакыт чукулдугунан буга БШК үлгүрбөй тургандыгын ачыктады.
- Шайлоочулардан тизмеси так болбогондуктан ар түрдүү мыйзам бузууларга жол берилип жатат. Экинчиси, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү таза адамдар болуш керек. Бирөөгө жан тартып иштебеш керек, эрежени бузбаш керек. Үчүнчүсү албетте, бул элдин аң-сезими. Аскар Акаев 2004-жылы берген акчасын ала бергиле, берген тамагын жей бергиле деп туруп “Алга, Кыргызстанды” бузган. Ошол оорудан айыга элекпиз,- деди Авазбек Асанов.
Ал эми «Жаңы Кыргызстан» партиясы алдыдагы саясий күрөштө фальсификация болоорунан күмөн санабайт. Ошондуктан, мыйзамсыз жоруктарга жол бербөө үчүн участкалык комиссиялар курамына өкүлдөрүн киргизүү, ошондой эле байкоочуларды даярдоо аракетинде.
- Бийликсиз партиялар жакында эле түзүлдү. Элдин калың катарына алардын иш аракеттери жакшы жете элек. Аттарын да көбү жакшы билбеши мүмкүн. Билген күндө дагы партиянын программасын эл толук тааный элек. Мында сөзсүз фальсификация болушу мүмкүн. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош шаардык уюму жана облустук уюмдары ар бир участкага өзүбүздүн шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө өкүлдөрүбүздү жөнөтүп жатабыз. Себеби, фальсификациянын баарын учаскалык комиссия жасайт,- дейт «Жаңы Кыргызстан» саясий уюмунун Ош шаардык лидери Замир Бөжөнов.
«Ар аймактан 13500 добуш топтоого милдеттендирген БШКнын чечими оппозиционерлерди гана эмес орточул позициядагыларды да парламентке жолотпоонун амалы. Чырдын башы ушул жерде жатат» деген көз карашта, Кыргызстан жаштар партиясынын төрагасы Айдар Бакыев.
- Кабыл алынган шайлоо кодексинде так, даана көрсөтүлгөн ар бир региондон 0,5 % добуш алыш керек деген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы чыгарган чечими ар бир регион 13500дөн добуш алыш керек деген бул мыйзамга да каршы, демократиялык принциптерге да каршы. Бул бир гана оппозициялык маанайдагы партияларга эмес, башка партияларга да бут тосуу дегендик.
«Демократия жана адам укугу» борборунун директору Идирис Кубатбеков, айрым партиялардын тизмесинде "Хизб-ут-тахрир" диний-экстремисттик партиясынын өкүлдөрү жүргөнүнөн кеп салды:
- "Хизб-ут-тахрир" же болбосо башка бир кызыкчылыктарды көздөгөн адамдар эртең келип калат дебей ошону кантип келтирбей коёбуз. Ар кандай өкүлдөгү же болбосо ар кандай топтогу адамдардын келип калбашына бүгүнкү күндөн баштап аракет кылышыбыз керек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов болсо жооп катары мындай дейт:
- Саясий партиялардын катарында диний агымдардын өкүлдөрү бар дегенге мисалы мен кошулбайт элем. Себеби, ал жерде партиянын мүчөсү курултай аркылуу көрсөтүлүп, курултайдын делегаттары бекиткен тизме менен келген.
«Акжол» партиясынын Ош облустук башчысы Авазбек Шамшиев да жарым пайыздык чек акылга сыйгыстыгын билдирип, президент Курманбек Бакиевге кошоматчылык кылууну каалагандар административдик ресурстарды пайдаланууга шарт жаратышы ыктымал экендигин эске салды.
- Кодекске киргизилген 0,5 % ошол жер-жерлердеги региондогу шайлоочулардын санынан алса туура болмок. Айрыкча биздин атаандаш партиялар административдик ресурсту колдонуп жатат деп эле сөз чыгарып жатат. Мына бүгүнкү күнгө чейин колдоно элекпиз. Президент өзү башында туруп, курултайга катышып жатса кээ бир чиновниктер президентке жагынам дейби айтор “Ак жол” партиясына карата аштеп жүргөн болушу мүмкүн,- дейт Авазбек Шамшиев.
«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын Ош шаардык жетекчиси Данияр Сагынбаев парламенттик шайлоо таза өтөөрүнөн эмитен элек шек санап, аягы кайгылуу бүтөөрүн айтты:
- Аң сезимге туура келбей жатат. Эгер минте берсек сөзсүз түрдө чатакка алып келиши мүмкүн.
«Умай Эне» саясий уюмунун төрайымы Салима Шарипова айрым партиялардын тизмесинен жалаң шылуундарды, байларды көрүп бушайман болгондугун айтып, 5700 санаалашы менен 16-декабрга бойкот жарыялагандыгын маалымдады.
- Шайлоого бойкот жарыялаймын, «Умай эне» партиясынын атынан. Эмнеге дегенде партияларды карап көрсөк баягы эле адилетсиз адамдар.