- Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ 25-ноябрда катталган 22 партиянын он экисин каттоодон өткөрүп, калганын каттоодон өткөргөн жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын партияларды каттоодо адилеттиктен тайды деген пикирлер айтыла баштады. Бул БШКнын ишине кандай баа бересиз?
- Биринчиден, адилеттик үчүн конкуренттик, мыйзамдык негизде аттандаштык негиздеги кайсы гана партия болбосун саясий күрөшкө даярбыз. Бул мындай болуп калды да. Биринчиден, шайлоо чукул аралыкта жарыяланып, шайлоо кодекси менен баардыгы кенен тааныша алган жок. Экинчиден, бул партиялык шайлоо биздин тажрыйбабызда дагы, Борбордук шайлоо комиссиясынын тажрыйбасында дагы биринчи жолу болуп жатат. Үчүнчүдөн, шайлоо кодексинде так көрсөтүлүп калган да. Чоң жүйөөлүү себеп болбосо деле техникалык себептер менен. Мисалы, 90 талапкер болбой 89 болуп калса, ошол эле замат талапкер партияга таркатып сала албайт. Же болбосо ортодогу ар бир үч айымдан кийин бир эркек, же үч эркекетен бир айым деген жазылып калган. Андан бирөөсү эле кем же ашык болуп калса ал дагы ошол замат ыргыйт. Кечээ дагы бир маалыматтан угуп калдым. Граждандыгы, атуулдугу бекилбеген. Эгерде Кыргызстандын гражданы эмес болбосо анда ал Конституциялык негизде шайлоого барууга акысы жок. Ошондуктан бул жерде эки тараптуу пикир бар. Биринчиден, шайлоого баратканда кайсы гана команда болбосун терең биз мыйзам жазганы бараткандан кийин өзүбүз мыйзамды сактоодо үлгү болушубуз керек. Экинчиден, өтө өкүнүчтүүсү жөнөкөй гана техникалык себептер менен мүмкүн ал компьютерден ката кетип калгандыр же жөн гана ага маани бербегендик. Көп партиялар тилекке каршы шайлоого катыша алышкан жок. Бирок, бир нерсе сүйүндүрөт. Бүт оппозициялык партия баары кирди. Мунун артында кандайдыр бир саясий заказ бар деп айта албайм. Себеби оппозициялык партиялардын баары шайлоого кирди.
- Каныбек мырза, каттоодон өткөн партиялар үгүт иштерин жүргүзө баштайт. Аларга акысыз эфирдик убакыт жана басылмалардан атайын орун берүү боюнча эрежеси кандай болот. Ошондой эле чучукулак кармоо кандай өңүттө жүргүзүлөт?
- Бүгүн 26-ноябрда саат 11.00 башталат. Биринчи партиялык кезекте ким биринчи турат. Муну чучукулак кармоо жолу менен чечилет. Экинчи эфир убактысы биз билгенге караганда өтө эле аз. Жыйырма күндө ашып кетсе үч-төрт жолу гана эфирге чыгууга туура келет экен. Бирок, ошого карабай бул дагы бүгүн саат үчтө же төрттө Борбордук шайлоо комиссиясында чучукулак аркылуу чечилет. Эми ал ар кимдин тагдырына, маңдайына жазганына жараша болот. Ал жактан кандайдыр бир деңгээлде Борбордук шайлоо комиссиясы бир партияга тарта алат деп айта албайм. Анткени баары элдин астында өтөт. Андай болушу мүмкүн эмес.
- Үгүт иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бут тосууларды уюштурат деген бир божомолдор айтып жатат. Андай кубулуштар байкалган жокпу азырынча?
- Угуп жатабыз. Мисалы үчүн бийлик колдогон партияга өтпөсөңөр силерди мектептен чыгарабыз, иштеген иштен чыгарабыз, мамлекетт ик кызматтан кетиребиз деген. Бирок, андай бир дагы далилденген кагаз, документ түрүндө фактыбыз жок. Андай болсо биз билдирүү түрүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жиберебиз.
- Маегиңизге ырахмат!