Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

17:36 Нарында жергиликтүү коомчулуктун жана айыл чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди


НАРЫН. Облустук академиялык музыкалуу драма театрында өткөн салтанатта губернатор Ажыбек Касымалиев облустагы 20 айыл өкмөтүнө автоунаанын берилишин, облуска 9 комбайндын келишин президент Курманбек Бакиевдин камкордугу деп баалады. Облуста уйдун жана кой, эчкинин саны өскөн. Ал эми жылкы саны азайып кеткен. Дан эгин аянты тогуз жарым миң гектарга аз айдалган, бирок 2006-жылдагыдан 9 миң тоннага арбын. Облус аймагындагы 2 жарым миллион гектар жайыттын 70 пайызы пайдаланылбайт. Жыйында өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, келерки жылдагы бюджет 44 млрд. 516 млн. сом болоорун билдирип, 2004-жылга карата 168 пайызга өскөндүгүн белгиледи. “Келерки жылы эмгек акылар 70-90 пайыз көбөйөт, мисалы акимдер 10500 сом маяна алат, азыркы бийлик иштебей жатат дегендер айта беришсин, ал эми биз сиздерге жардам аябайбыз, бирок мен бүгүн сиздерден жардам сурап келдим”,- деди Акылбек Жапаров. (KUs)

XS
SM
MD
LG